Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 24-февралы № 18
2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган "Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-АSIЕ/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган "Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-АSIЕ/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |