Редакцияот 18.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 18-марты № 20

2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Япония Өкмөтүнүн Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Япония Өкмөтүнүн Алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги япония тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев