КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-марты № 22
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2113-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги.";
- 18-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |