КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-марты № 26
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
509-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун типтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |