Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 30-марты № 30
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 187-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - кырк, кызмат адамдарына - жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 188-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3) 194-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - кырк, кызмат адамдарына - жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
4) 195-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - сексен, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
5) 197-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына - жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
6) 198-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - он, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
7) 199-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - отуз, кызмат адамдарына - токсон өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
8) 200-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жыйырма, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
9) 201-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
10) 202-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жыйырма, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
11) 203-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - он, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - отуз, кызмат адамдарына - жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
12) 204-статьяда:
биринчи абзацы "жерлерде" деген сөздөн кийин "коммерциялык максаттарда" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
13) 205-статьяда:
статьянын аталышы ", мал чарбасынын башка азыктарын" деген сөздөр "башка азыктарды жана жаныбарлардан алынуучу чийки заттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи абзацында ", мал чарбасынын башка азыктарын" деген сөздөр "башка азыктарды жана жаныбарлардан алынуучу чийки заттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жүз, кызматтык адамдарына - жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
14) 18-глава төмөнкүдөй мазмундагы 205-1-статья менен толукталсын:
"205-1-статья. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же болбосо талаптагыдай эмес аткаруу
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздуктун талаптарын сактоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын жазма көрсөтмөлөрүн аткарбоо же болбосо талаптагыдай эмес аткаруу, -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн кырк, кызмат адамдарына - жетимиш, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
15) 509-статья "185," деген цифралардан кийин "187, 188," деген цифралар менен толукталсын;
16) 520-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"520-статья. Ветеринардык көзөмөлгө алуунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары
Ветеринардык көзөмөлгө алуунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ушул Кодекстин 197 - 205-1, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору;
- областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик ветеринардык инспекторлору;
- шаарлардын, райондордун мамлекеттик ветеринардык инспекторлору.";
17) 521-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"521-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Кодекстин 187, 188, 194, 195-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар тууралуу иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик фитосанитардык инспектору;
- аймактык органдардын фитосанитардык инспекторлору.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |