Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 6-апрели № 36
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-статьянын 9-пунктунда:
а) тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматкерлер кадрлардын карамагына 4 айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бошотулууга тийиш.";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Кадрлардын карамагында турган адамдарга 4 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө акчалай маяна төлөп берилет.";
2) 33-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин акчалай маяна, кийим-кече жана азык-түлүк менен камсыз кылуу
1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин акчалай маянасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укугу бар жана ишин улантып жаткан аттестацияланган курамдагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдөрдө кошумча төлөө жүргүзүлөт.
3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ченемдер боюнча азык-түлүк чен азыгы же болбосо азык-түлүк чен азыгынын ордуна акчалай компенсация менен камсыз кылынат.
4. Кылмыш жасаганы үчүн кармалган жана ага карата камакка алуу - бөгөт коюу чарасы тандалып алынган күндөн тартып кызматкерлерге акчалай маяна төлөө токтотулат. Реабилитациялоочу негиздер же актоо өкүмү чыгарылганы боюнча кылмыш иши кыскартылганда акчалай маяна төлөө ал токтотулган күндөн тартып кайра жаңыртылат.
Кызматкер ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген учурда ага акчалай маяна төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
3) 37-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "ички иштер органдарында" деген сөздөр "укук коргоо органдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 41-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызматкер курман болгон учурда анын үй-бүлөсүнө сөөгүн коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө жана тартипте жөлөк пул төлөнөт.".
2-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 33-статьядагы 2-бөлүгү "кызмат өтөө мезгилинде" деген сөздөрдөн мурда "кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 35-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматкерлердин кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
б) 4-бөлүгүндө "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен" деген сөздөр "аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине кызмат өтөөнүн чектик жашына чыккандыгы, ден-соолугунун абалы, штаттардын кыскартылышы, пенсияга укугу бар адамдын жеке өтүнүчү боюнча бошотулганда жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө бир жолу берилүүчү жөлөк пул төлөнөт.".
3-берене.
Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин азык-түлүк чен азыгы же болбосо азык-түлүк чен азыгынын ордуна акчалай компенсация менен камсыз кылуу ченемдери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими кабыл алганга чейин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзам менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматкерлери үчүн мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк чен азыгы же болбосо азык-түлүк чен азыгынын ордуна акчалай компенсация менен камсыз кылынат.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |