Редакцияот 08.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 8-апрели № 38

2015-жылдын 6-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Бүткүл дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кен казып алуу тармактарынын ачыктыгы демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийин фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2015-жылдын 6-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Бүткүл дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кен казып алуу тармактарынын ачыктыгы демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийин фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Бүткүл дүйнөлүк банкты Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарландырсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев