Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 8-апрели № 39
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 235-статьянын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
2) 559-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы "Ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн мурда "Судьялардын компетенциясына тиешелүү болгон администрациялык укук бузууларды копшогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
3) 39-главанын аталышы транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 562-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга.";
5) 568-статьянын 1-бөлүгүндө "234 жана 238-статьяларында," деген сөздөр "234-статьясында, 235-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 238-статьясында," деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 568-1-статья менен толукталсын:
"568-1-статья. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу иштерди туура жана өз убагында кароону, администрациялык укук бузуу боюнча токтомду аткарууну камсыз кылуу максатында колдонулат.
Мажбурлап эвакуациялоо - бул ушул Кодекстин 223, 231-1-статьяларында, 235-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 238-статьясында (тогузунчу бөлүгүн кошпогондо), 242-244, 248, 249-1-статьяларында ал үчүн жоопкерчилик каралган администрациялык укук бузуу жасалган жерден же жол транспорт кырсыгы жасалган жерден транспорт каражатын атайын токтотуучу жайга мажбурлап алып кетүү.
Дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу - бул транспорт каражатын айдоочу тарабынан ушул Кодекстин 223-статьясында, 235-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө ал үчүн жоопкерчилик каралган эрежелер бузулган учурда, администрациялык укук бузуу жасалган жерде транспорт каражаттарына транспорт каражатынын кыймылдоо мүмкүнчүлүгүн (дөңгөлөктөрдүн айлануусун) жокко чыгаруучу техникалык каражаттарды мажбурлап орнотуу.
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээси (айдоочу, ээсинин өкүлү) транспорт каражатынын турган жери жөнүндө кабарландырылат. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу жөнүндө администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколго тиешелүү белги коюлат, ал эми зарыл учурда транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу жөнүндө протокол түзүлөт.
Мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражаттарын алып кетүүгө жана сактоого кеткен чыгымдардын орду транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого алып келген администрациялык укук бузууну жасаган адам тарабынан толтурулат.
Транспорт каражатын атайын токтотмо жайга мажбурлап эвакуациялоо, аны сактоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
7) 584-статьянын 2-бөлүгү "234-статьясында," деген сөздөн кийин "235-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
8) 614-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жол кыймылы коопсуздугун жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузган администрациялык укук бузуулар жасалганда өндүрүп алынган администрациялык айыптардын суммалары республикалык бюджетке чегерилет, ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда белгиленген тартипте айкындалган администрациялык укук бузууларды жасаганы үчүн өндүрүп алынган айыптарды кошпогондо, алардын ичинен акча каражаттарынын 25 пайызы ички иштер органдарынын жол кыймылы коопсуздугу бөлүмдөрүн материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана мыйзамдарга ылайык алардын кызматкерлерине дем берүү үчүн пайдаланылат.
Ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда белгиленген тартипте айкындалган администрациялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүп алынган администрациялык айыптардын суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана пайдаланылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |