Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 14-апрели № 41
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-бөлүк "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 2-статьяда:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу органдар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген, тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү аткаруу бийлигинин органдары.";
б) экинчи - бешинчи, жетинчи - онунчу абзацтарда ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
3. 3-статьянын тогузунчу абзацында "мыйзам негизинде гана" деген сөздөр "мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-статьяда:
а) экинчи жана бешинчи абзацтарда ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
б) сегизинчи абзац "көрсөтүлбөгөн" деген сөз кийин ""көрсөтүлбөгөн же туура эмес көрсөтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) тогузунчу абзацтагы "мамлекеттик контроль (көзөмөл) органдарына жарандардан, юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден кайрылуулар, арыздар, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирген, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, айлана-чөйрөгө, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар чыккан фактылар жөнүндө маалымат түшкөндүгүнүн негизи боюнча" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 5-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 5-статьянын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 6-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Пландык текшерүүлөр стратегиялык пландарга, ошондой эле текшерүүлөрдүн пландарына ылайык жүргүзүлөт.
Стратегиялык план бир жылга түзүлөт жана ар бир багыт боюнча сандык көрсөткүчтөрдү камтыйт. Стратегиялык план пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 15-ноябрына чейин ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
Стратегиялык пландардын негизинде текшерүүлөрдүн жылдык же кварталдык пландары түзүлөт, алар пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 1-декабрына чейин же планга киргизилген квартал башталганга чейин 30 календардык күн мурда ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
Текшерүүлөрдүн пландары ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын орун-жайларындагы калкка жеткиликтүү ачык жерлерге жайгаштыруу аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
Жылдык пландардын аткарылышы жөнүндө маалымат отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин же отчеттук квартал аяктагандан кийинки 10 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын жайларындагы жалпыга жеткиликтүү ачык жерлерде жайгаштырылат.";
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
- экинчи абзац "бирден ашык эмес," деген сөздөрдөн кийин "санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер үчүн - жылына эки жолудан ашык эмес," деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тобокелдиктин төмөнкү даражасына киргизилген текшерүүнүн субъекттери туура келгенде алар пландык текшерүүлөрдөн бошотула турган шарттарды аныктайт,";
в) 5 жана 6-бөлүктөрдө ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-11-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга карата талаптарга ылайык келүүсүнө пландык текшерүүлөр алдын ала кабарлоосуз жүргүзүлөт.
8. Ишкердиктин жаңыдан түзүлгөн субъекттерин текшерүү алар юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик катталган күндөн тартып 3 жылдын ичинде жүргүзүлбөйт.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердик ишти жүзөгө ашыруудан терс натыйжалардын келип чыгуу ыктымалдыгы жок болгондуктан аларды жүзөгө ашырууда ишкерлер пландык текшерүүлөрдөн бошотула турган ишкердик иштин түрлөрүнүн тизмегин аныктайт.
10. Жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна тиешеси бар текшерүүлөрдүн натыйжалары тиешелүү чөйрөлөрдө текшерүүлөрдү жүргүзүү ыйгарым укуктарына кирген ыйгарым укуктуу органдардын сайттарында жарыяланууга жатат, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү башка жерлерге жайгаштырылат.
11. Иши калкты тейлөө менен байланышкан текшерүүлөрдүн субъекттери текшерүүлөрдүн натыйжаларын керектөөчүлөргө жеткирүүгө милдеттүү. Текшерүүлөрдүн натыйжалары керектөөчүлөргө жеткирилүүгө тийиш болгон иштин түрлөрү, маалыматтын көлөмү жана аны ачыкка чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
7) 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Пландан тышкары текшерүүлөр
1. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн негиздери:
1) текшерүүнүн субъектинин ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызын ыйгарым укуктуу органдын алышы;
2) жеке же юридикалык жактын текшерүүнүн субъекти арыз берүүчүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү арызын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин текшерүүнүн субъекти ошол администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен берилген жазуу жүзүндөгү кайрылуусун ыйгарым укуктуу органдын алышы.
2. Ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамдын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын жана турган жерин аныктоого мүмкүн болбогон арыздар текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт.
3. Пландан тышкары текшерүүнүн мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпоосу керек.
Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган даттануулар алынганда ыйгарым укуктуу орган даттанууну кароого, текшерүү жүргүзүүгө жана 15 жумушчу күндүн ичинде жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.
4. Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү үчүн негиз болгон маселелердин алкагынан чыгышы мүмкүн эмес.
5. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) келип чыкканда жана жайылганда, техногендик мүнөздөгү авария учурунда) калктын ден соолугунун абалына жол берилгис таасир кылуунун себептерин жана булактарын аныктоо жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга 7 жумушчу күндүн ичинде кабарлоо менен аларды алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ болушу жана жазуу жүзүндөгү тескемесиз (буйруксуз, жазма эскертүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн.";
8) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Контролдук текшерүүлөр
Контролдук текшерүү мурдагы текшерүүдө аныкталган укук бузуулардын текшерүү субъекти тарабынан четтетилишин текшерүү максатында жүргүзүлөт жана ушул максаттын алкагынан чыгышы мүмкүн эмес.
Контролдук текшерүү белгиленген укук бузууларды четтетүү үчүн текшерүү субъектине берилген мөөнөт аяктагандан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Контролдук текшерүү ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 3-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Контролдук текшерүүнүн мөөнөтү 2 жумушчу күндөн, чакан ишкердиктин субъекттери үчүн - бир жумушчу күндөн ашпайт.";
9) 11-статьяда:
а) статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Текшерүүлөр документтик же жерине барып текшерүү формасында жүргүзүлөт. Документтик текшерүү ыйгарым укуктуу орган жайгашкан жер боюнча жүргүзүлөт. Жерине барып текшерүү ишкердик субъекти жайгашкан жер боюнча жана (же) анын иш-аракети жүргүзүлгөн жер боюнча жүргүзүлөт.";
в) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Пландык текшерүүнүн жүрүшүндө тобокелдиктин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттери жол берген, жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулардын), техногендик мүнөздөгү авариялардын келип чыгышына жана жайылышына түздөн-түз коркунуч алып келүүчү бузуулар аныкталган учурда администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган таасир кылуу чаралары токтоосуз колдонулушу мүмкүн.";
г) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин ыйгарым укуктуу орган контролдук текшерүүнү жүргүзөт.
Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулардын четтетилбегендигинин фактылары аныкталса, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерүүнүн субъектине карата Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында каралган таасир кылуу чараларын колдонот.
4. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын жана 6-бөлүгүнүн ченемдери ушул Мыйзамдын 10-статьясында көрсөтүлгөн негиз боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөргө карата колдонулбайт.";
д) 7-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
10) 12-статьяда:
а) статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эскертүүлөрдү) кошпогондо, тескеме (буйрук, жазма эскертүү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.";
в) 4-бөлүктүн биринчи абзацында "Пландуу текшерүүнүн бул мөөнөтү" деген сөздөр "Атайын изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү зарыл болгон учурда пландык текшерүүнүн бул мөөнөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 13-статьяда ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
12) 14-статьяда ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө; "4-бөлүгүндө" деген сөз "5-бөлүгүндө" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 15-статьяда:
а) статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн биринчи абзацында "почта байланышы аркылуу" деген сөздөр "тапшырылгандыгы жөнүндө кабардама берилүүчү буйрутма кат аркылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын";
в) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 15-1-статьянын 2-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
15) 16-статьяда ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
16) 17-статьяда:
а) статьянын аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, пландык текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабардаманы албаган учурда текшерүүчү кызмат адамдарын текшерүүгө киргизбөөгө;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын 4-статьясынын тогузунчу абзацында каралган адамдардын катышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жагдайлар болгон учурда, кабардамада көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө текшерүү жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого жана текшерүүнүн башталгандыгы жөнүндө кабар алынган датадан тартып 3 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө текшерүү жүргүзүүнүн башка датасын макулдашууга. Текшерүү жүргүзүүнү баштоонун мөөнөтүн жылдырууга бир ирет жол берилет.";
17) 18-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы айкындалганда ыйгарым укуктуу органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, айкындалган бузууларды жоюу, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, алардын мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле мыйзамдарда каралган таасир кылуу чараларын ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте колдонууга милдеттүү.";
18) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-статья менен толукталсын:
"19-1-статья. Ушул Мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжаларынын жараксыздыгы
Текшерүүлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды одоно бузуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жараксыз деп таанылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын текшерүү субъекти тарабынан бузулушунун далили боло албайт.
Төмөнкүлөр одоно бузуулар деп таанылат:
- текшерүүнү жүргүзүүнүн негиздеринин жоктугу;
- тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) жоктугу;
- ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлоонун мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы;
- ушул Мыйзамдын 4-статьясынын талаптарынын бузулушу;
- тескемени (буйрукту, жазма эскертүүнү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун болбогондугу (контролдук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эскертүүлөрдү) кошпогондо);
- ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенциясына кирбеген текшерүүлөрдүн дайындалышы.";
19) 20-статьяда ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "ишкердиктин субъекттеринин" деген сөздөр "текшерүүнүн субъекттеринин" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык түрлөрдө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |