Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 21-апрели № 47
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Бай Кара-Бак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Бай Кара-Бак айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында түзүлгөн Зардалы, Дөбө, Бай Кара-Бак айылдарынын чек араларынын баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |