Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 23-апрели № 50
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"дене тарбиясынын ченемдик негиздери - Кыргыз Республикасынын калкын жаш курагына жараша ырааттуу түрдө камтуучу дене тарбиялык даярдыгын баалоонун (ченемдеринин) критерийлеринин топтому;";
2) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Дене тарбиясынын ченемдик негиздери
Дене тарбиясынын ченемдик негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Дене тарбиясынын ченемдик негиздери спорттук разряддарды жана наамдарды ыйгаруу принциптерин, эрежелерин жана тартибин белгилөөчү Бирдиктүү спорттук классификация менен тыгыз айкалышта пайдаланылат.";
3) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- дене тарбия жана спорт жагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
- маалыматтык камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик тутумун түзүүнү камсыз кылат;
- спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт;
- дене тарбия жана спортту, дене тарбия жана спорт жагындагы илимий изилдөөлөрдү, дене тарбия жана спортсмендерди даярдоо тутумун илимий-методикалык жактан камсыз кылууну, кесиптик даярдоону, дене тарбия жана спорт жагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоонун мамлекеттик ченемдерин аныктайт;
- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо жана уюштуруу маселелери боюнча дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт багытындагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;
- дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт багытындагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо тартибин аныктайт.";
4) 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт жана чаралар көрүлөт.
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Административдик-аймактык бирдиктердин жаратылыштык-климаттык шарттарын, калкынын санын, инфратүзүмүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программалары иштелип чыгат.";
5) 8-статьянын 3-бөлүгүндө "Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-статьяда:
а) 1-бөлүгү "Олимпиадалык" деген сөздөн кийин "жана Паралимпиядалык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Курама команданын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекет Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоону жана алардын республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерге катышуусун камсыз кылат.";
7) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Калктын дене тарбиясынын жана спортсмендерди даярдоонун мамлекеттик программалары
Калктын дене тарбиясынын жана спортсмендерди даярдоонун мамлекеттик программалары дене тарбиясынын ченемдик негиздеринин жана Бирдиктүү спорттук классификациянын негизинде иштелип чыгат.
Калктын дене тарбиясынын жана спортсмендерди даярдоонун мамлекеттик программалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштелип чыгат жана бекитилет.";
8) 13-статьянын 4-бөлүгүндө "билим берүүнү башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган макулдашып белгилеген тартипте бекитилген" деген сөздөр алып салынсын;
9) 14-статьянын 2-бөлүгүндөгү "дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Жашаган жери жана массалык эс алган жерлер боюнча дене тарбиясы жана спорт
Жашаган жери жана массалык эс алган жерлер боюнча калктын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
11) 19-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен биргелешип ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашаган жери боюнча, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын адистештирилген мекемелеринде жана уюмдарында спорттук-ден соолукту чыңдоо ишинин программаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.";
12) 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Дене тарбия жана спорт менен машыккан адамдарды медициналык жактан камсыз кылуу
Дене тарбия жана спорт оорулардын алдын алуу жана дарылоо каражаты катары пайдаланылат.
Дене тарбия жана спорт, анын ичинде спорттук-ден соолукту чыңдоочу туризм менен машыккан адамдар врачтык контролдоого жатат.
Дене тарбия жана спорт каражаттарынын жардамы менен калктын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялоо үчүн Кыргыз Республикасында атайын аппаратура жана медициналык шаймандар менен жабдылган, калкты дене тарбия-ден соолукту чыңдоо иши менен камсыз кылуучу диагностикалык-консультациялык пункттар жана кабинеттер, врачтык-дене тарбия диспансерлери түзүлөт.
Спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командалары эл аралык спорттук иш-чараларга даярдануунун алкактарында медициналык тейлөө менен камсыз кылынат.
Мамлекет спорттук медицина жана дарылоочу дене тарбия жагындагы адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.";
13) 22-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети жана Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен макулдашып спорттун түрлөрү боюнча тийиштүү федерациялар" деген сөздөр алып салынсын;
в) 7-бөлүгүндө "кесиптик-спорттук иш-аракеттерди жөнгө салган эл аралык спорттук уюмдардын актыларына ылайык Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 23-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Республикалык жана эл аралык дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук-массалык негизги иш-чаралардын календардык планы жыл сайын кийинки календардык жылдын башталышына чейин бекитилет. Жогоруда көрсөтүлгөн календардык планга киргизилбеген иш-чаралар мамлекет тарабынан каржыланбайт.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын ири масштабдагы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий билдирүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана жол берилет.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын чемпионаттарынын, биринчиликтеринин жана спартакиадаларынын ачылыш аземдеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырат.";
15) 25-статьяда:
а) расмий тилдеги 1-бөлүгүндө "высшим" деген сөз алып салынсын;
б) 3-бөлүгүндө "дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр алып салынсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Спорттун интеллектуалдык жана башка кооптуу эмес түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактарына окутуунун кыска мөөнөттүү курстарын бүткөн адамдарга жол берилет. Окутуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өтүү тартиби жана спорттун интеллектуалдык жана башка кооптуу эмес түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
16) 29-статьянын 3-бөлүгүндө "жана Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча спорттун түрлөрү боюнча спорттук федерациялар тарабынан бекитилет" деген сөздөр алып салынсын;
17) 31-статьянын 2-бөлүгүндө "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 39-статьяда "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Мамлекет" деген сөзгө алмаштырылсын;
19) 41-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |