КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 7-майы № 57
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү;";
3) 40-статьянын 3-пунктунда "Жогорку Кеңеши белгилеген" деген сөздөр "Өкмөтү бекиткен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 48-статьяда:
а) 1-пунктунда "Жогорку Кеңеши жыл сайын белгилейт" деген сөздөр "Өкмөтү бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктунун бешинчи абзацында "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
10-берененин жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |