Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 14-майы № 58
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 51-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары конкурстун натыйжалары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалган муниципалдык кызматчы болуп саналат.";
2) 52-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилсе болот.";
расмий тилдеги текстинде "айылного" деген сөз "местного" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "айыл өкмөтүнүн" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.";
расмий тилдеги текстинде "главой айыл окмоту" деген сөздөр "руководителем исполнительного органа местного самоуправления" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган учурда, айыл башчысы кеңеш берүүчү добуш укугу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми шаардык кеңештин жыйналыштарына - тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо катышууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |