Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-мартындагы N 64 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 20-майы № 69
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 555-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Мыйзамына" деген сөздөр "банкроттук жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 3 жана 4-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Риэлтордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын риэлтордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана риэлтордук ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн риэлтордук иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн риэлтордук иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- риэлтордук ишти өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- мамлекеттик бийлик органдарынын риэлторлор жана алардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу";
4) 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 18-статьяда:
а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- риэлтордук фирманын (риэлтордун) ыйгарым укуктары менен таанышууга;";
б) төртүнчү абзацында "керектүү бардык" деген сөздөр алып салынсын;
6) 19-статьянын экинчи абзацында "акыл-эстүү жана ак ниет," деген сөздөр алып салынсын;
7) 20-статьянын бешинчи абзацында "тийиштүү мөөнөттөрдүн ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
8) 22-статьянын 1-пунктунда "ыйгарым укуктуу органдар жүргүзүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
9) 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жана жарандар тууралуу жекече маалыматтарды берүүнүн шарттары
1. Риэлторлорго юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды берүү юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө жүзөгө ашырылат.
2. Риэлторлорго жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүү төмөнкүдөй көлөмдө жүзөгө ашырылат:
- жарандардын жашаган жеринин даректери боюнча катталуу (каттоо) фактылары жөнүндө маалыматтардын;
- турак жай жана турак жай эмес фонддордун объекттери жөнүндө көрсөтүлгөн органдар жүргүзүүчү документтерге киргизилүүчү маалыматтардын;
- жарандардын өзгөчө категорияларына кирген адамдардын (жашы жете элек жарандар жана белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган башка адамдар, майыптар, пенсионерлер) кыймылсыз мүлккө укуктарынын мүнөзүн жана мазмунун белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын;
- жарандык абалдын актыларын каттоо журналдарына киргизилүүчү маалыматтардын;
- адистештирилген дарылоо мекемелеринде каттоодо турган жарандардын абалы жөнүндө маалыматтардын.
3. Риэлторго жарандардын бала асырап алганынын фактылары жөнүндө маалыматтарды суроо-талаптын жана жагдайлардын мүнөзүнө жана мындай маалыматтарды сураткан риэлтор шилтеме жасаганына карабастан берүүгө жол берилбейт.
4. Риэлторго ушул статьянын 3-пунктуна ылайык таркатууга жол берилбеген жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүүгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
5. Риэлторлор жана риэлтордук фирманын кызматкерлери тарабынан бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жана таркатууга жатпаган жекече маалыматтардын таркатылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.";
10) 24-27-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 28-статьяда:
а) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- керектөөчүгө кыймылсыз мүлк рыногундагы риэлтордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат берүүгө;";
б) он биринчи абзацында "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 35-статьянын 3-пунктунда "ага жетиштүү болгудай убакыттын ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
13) 39-статьянын 2-пунктунун төртүнчү абзацында "санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана экологиялык ченемдерге" деген сөздөр "техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 42-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Риэлторлордун кесиптик жоопкерчиликтерин камсыздандыруунун стандарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |