Редакцияот 21.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 21-майы № 73

2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча займ жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Төмөнкүлөр ратификациялансын:

- 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасы;

- 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча займ жөнүндө макулдашуу.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги япония тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын жана займ жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев