Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 14-июну № 80
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-июнундагы № 119, 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана (же) жылуулук энергиясын сатып алуу энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
4-берене.
(КР 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |