Сравнение редакций…
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 14-июну № 80
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 16-июнундагы № 119, 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-статьянын 3-пункту "байланыштын," деген сөздөн кийин "энергетиканын," деген сөз менен толукталсын;
2) 14-главанын аталышы "байланыштын," деген сөздөн кийин "энергетиканын," деген сөз менен толукталсын;
3) 82-статьяда:
а) статьянын аталышы жана тексти "байланыштын" деген сөздөн кийин ", энергетиканын" деген сөз менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Энергетиканын жерлерине төмөнкүлөр үчүн бөлүнгөн жер участоктору кирет:
1) жылуулук станцияларын жана башка электр станцияларын, алардын курулмаларын жана объекттерин тейлөөчү, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштырууга;
2) электр берүүчү аба линияларды, электр берүүчү кабелдик линиялардын жердин үстүндөгү курулмаларын, подстанцияларды, бөлүштүрүүчү пункттарды, энергетиканын башка курулмаларын жана объекттерин жайгаштырууга.";
4) 89-статья "гидротехникалык" деген сөздөн кийин ", гидроэнергетикалык" деген сөз менен толукталсын;
5) 90-статьянын 1-пункту "энергетика," деген сөздөн кийин "анын ичинде кайра жаралуучу энергияны пайдалануу," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 92-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"92-статья. Суу фондусунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү
Суу фондусунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.".
2-берене.
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана (же) жылуулук энергиясын сатып алуу энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
4-берене.
(КР 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 14-июну № 80
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-июнундагы № 119, 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)