Загрузка документа…
КР 2019-жылдын 29-июлундагы N 105 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-июну № 83
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти);";
2) 32-статьяда:
а) 5-пунктунда "жана роялтилер" деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 33-статьянын 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 50-статьянын 3-бөлүгү "бюджеттен" деген сөздөн кийин ", ошондой эле жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |