Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-июну № 88
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 2, 1899-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) алтынчы абзацында "Өкмөт," деген сөз алып салынсын, "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
б) тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"тендер - жеке өнөктү тандоо процесси;";
в) онунчу абзацы "иштелип чыгуучу" деген сөздөрдөн кийин "жана тендердик документтерде чагылдырылуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
г) он экинчи жана он тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
д) жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"тендердик документтер - жеке өнөктү тандап алуунун мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыккан критерийлери;";
е) жыйырма биринчи абзацында "же мындай юридикалык жактардын бирикмеси" деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 8-берененин жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 9-беренеде:
а) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик өнөктөр тарабынан демилгеленген МЖӨ долбоорлорун баалоо жана бекитүү;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүдө жана коштоодо мамлекеттик өнөктөргө көмөк көрсөтүү;";
5) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы
Өкмөт тарабынан аныкталган тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясына тендердик документтерди бекитүү, ошондой эле тендердик документтерге өзгөртүүлөрдү бекитүү кирет.";
6) 12-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 2-пунктунда "банктык" деген сөз "кредиттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
"8) анын каржылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында МЖӨ долбоорунун минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;
9) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкалардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата кепилдиктерди берүү.";
7) 15-20-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. МЖӨ долбоорунун баскычтары
МЖӨ долбоорунун баскычтары төмөнкүлөр болуп саналат:
- МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө;
- МЖӨ долбоорун даярдоо;
- жеке өнөктү тандоо;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу.
16-берене. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө
1. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактарды өнүктүрүү программаларын, айрым аймактык бирдиктерди өнүктүрүүнүн башка программаларын жана пландарын эске алуу менен мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. МЖӨ долбоорун демилгелөө процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) тандалып алынган инфратүзүм объектине МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин, долбоорго карата минималдык талаптарды, мамлекеттик каржылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоону жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн түрлөрүн жана шарттарын, ошондой эле МЖӨ чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка документтерди камтыган потенциалдуу долбоорду алдын-ала баалоонун мамлекеттик өнөк тарабынан даярдалышын;
2) демилгеленген МЖӨ долбоору мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп бергендигинин негиздемесин.
3. Демилгеленген МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин, мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун даярдоо баскычына өтөт.
17-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо
1. МЖӨ долбоорун даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) МЖӨ долбооруна карата талаптарды аныктоону жана аны ишке ашырууда каржылык, социалдык, экономикалык натыйжаларды жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоону;
2) тендерди өткөрүү эрежелерин, тандоо критерийлерин, тендердик документтерди даярдоону, анын ичинде болжолдонуучу натыйжаларды жана каржылоо механизмдерин баяндоону. МЖӨ долбоорун даярдоо баскычында тендердик документтердин пакети тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Тендердик документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бааларды, төлөмдөрдү, тарифтерди, лицензияларды жана уруксаттарды кошуп алганда МЖӨ долбоору жөнүндө маалыматты, ошондой эле мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилүүчү зарыл болгон атайын талаптарды;
- мамлекеттик каржылык жана/же экономикалык колдоо жөнүндө толук маалыматты;
- тендерди өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- жеке өнөктү баалоо жана тандоо критерийлерин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун;
- мамлекеттик жана жеке өнөктүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- мамлекеттик өнөк тарабынан кошумча бекитилүүчү башка маалыматтарды;
3) мамлекеттик өнөк тарабынан тендердик комиссияны түзүүнү. Тендердик комиссия МЖӨ ар бир долбоору боюнча түзүлөт. Тендердик комиссиянын курамы мамлекеттик өнөк тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так жана беш адамдан кем болбоого тийиш. Тендердик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбасы жана билими бар адис, экономика жана каржы жаатындагы адис, юриспруденция жаатындагы адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү жамааттын өкүлү кирет.
Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү квалификациялык талаптар коюлушу мүмкүн. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын карама-каршылыгы болбоого тийиш.
Тендердик комиссияны түзүү, бекитүү, иш тартиби жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
2. МЖӨ долбоорун даярдоо көз карандысыз консультанттарды тартуу укугуна ээ болгон мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. МЖӨ долбоорун стратегиялык объекттерде ишке ашырууда мамлекеттик өнөк Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө мыйзамдарды да жетекчиликке алат.
4. Ушул беренеде белгиленген бардык керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин, мамлекеттик өнөк жеке өнөктү тандоо баскычына өтөт.
18-берене. Жеке өнөктү тандоо жана тендерди өткөрүү
1. Жеке өнөктү тандоо тендерди өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Тендер төмөнкү үч баскычтан турат:
1) алдын ала тандоо;
2) жеңүүчүнү тандоо;
3) МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү.
2. Баштапкы тандоо баскычында тендердик комиссия жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында баштапкы тандоого катышууга чакырууну жарыялайт. Чакыруунун тексти тендердин катышуучуларына МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерге катышуу үчүн өзүнүн каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо мүмкүндүгүн берүүчү баштапкы тандоонун талаптарын камтууга тийиш. Чакыруунун тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде жана зарыл болгондо, мамлекеттик өнөктүн чечимине ылайык чет тилдерде жарыяланат. Тендердик комиссия чакыруу жарыяланган күндөн тартып тендерди өткөрүүнүн эрежелеринин жана тендердик документтердин ачык жеткиликтүү болушун камсыз кылат. Баштапкы тандоого катышууга арыздарды жыйноо тендерге катышууга чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин тендердик комиссия баштапкы тандоого катышуучу тендердин ар бир катышуучусунун квалификациясын 15 календардык күндүн ичинде баалайт. Баалоону өткөрүүнүн натыйжалары боюнча тендердик комиссия баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендердин жеңүүчүсүн тандоого катышууга чакыруу жиберет. Баштапкы тандоодон өткөн катышуучулардын саны экиден кем болбоого тийиш. Башка учурда тендер болгон жок деп таанылууга тийиш.
Баштапкы тандоо баскычында алынган маалыматты эске алуу менен тендердик документтерди жана МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды кайрадан карап чыгууга жол берилет.
3. Жеңүүчүнү тандоо баскычында тендердик комиссия баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендердик документтерди берет.
Тендердик комиссия МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мамлекеттик өнөк үчүн айрыкча ылайыктуу жолун талкуулоо жана тандоо үчүн баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу. Бул сүйлөшүүлөрдүн убагында тендердик комиссия тендердин катышуучуларынын бири экинчисин басмырлашына жана артыкчылыктарды алышына жол бербөө максатында баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларынын бардыгы үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга тийиш.
Өзгөртүлгөн тендердик документтер ал тендердик комиссия тарабынан бекитилгенден кийин гана баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышууларынын бардыгына маалымдалууга тийиш. Тендердик документтердеги бардык өзгөртүүлөр тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө жатат.
Баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучулары өздөрүнүн тендердик сунуштарын МЖӨ долбоорунун татаалдыгын эске алуу менен, тендердик комиссия белгилеген мөөнөттө берүүгө тийиш. Тендердик сунуштарды берүү мөөнөтү тендердин жеңүүчүсүн тандоого катышууга чакырууну алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кем болушу мүмкүн эмес.
Тендердик комиссия тендердин катышуучуларынын тендердик сунуштарын баалоону тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, бирок акыркы сунуш келип түшкөн күндөн тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен жүргүзөт. Тендердик сунуштар эки этапта бааланат:
- биринчи этап тендерге катышуучулардын тендердик сунуштарынын долбоорго карата коюлуучу минималдык талаптарга ылайыктуулугу бааланат. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген тендердик сунуштар четке кагылат;
- экинчи этапта тендердик сунуштар тендердик документтерде белгиленген социалдык жана каржылык-экономикалык критерийлерге ылайыктуулугу бааланууга тийиш.
Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизги жоболору менен тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына ачык жарыялайт.
Тендердин угулуп калган катышуучулары жазуу жүзүндө арыздарды берүү жолу менен алардын тендердик сунуштарынан баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө талап кылууга укуктуу. Мамлекеттик өнөк жеке өнөктүн талабы боюнча баш тартуунун себептери жөнүндө ага 3 жумушчу күндүн ичинде маалымдоого тийиш.
Тендердин катышуучуларынын тендердик комиссияга берген бардык документтери жана маалыматтары купуя болуп саналат. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тендердин башка катышуучуларын кошуп алганда, үчүнчү жактарга берүүгө же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тендер өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган сунуштарды баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
Тендердик документтерди даярдоонун тартиби ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
4. МЖӨ жөнүндө макулдашуу тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган датадан тартып 60 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.
Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, МЖӨ долбоорун каржылоо жөнүндө каржылык мекеме менен келишимди жол-жоболоштурууну бүткөрүү үчүн жеке өнөккө тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандан тартып 120 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө берилүүгө тийиш.
Эгерде ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган мөөнөт аяктаганча тендердин жеңүүчүсү МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана тендердин жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген жеке өнөктү тендердин жеңүүчүсү деп дайындоого укуктуу.
Тендердик комиссия тарабынан тендердин жеңүүчүсү жарыяланган учурда мамлекеттик өнөк МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүүдөн бир тараптуу тартипте баш тартууга укуксуз, ал эми тендердик комиссия тендердик комиссия тарабынан арыз берүүчү берген маалыматтын документтик ырасталган чындыкка туура келбестиги табылган учурду кошпогондо, өткөрүлгөн тендердин натыйжаларын жокко чыгарууга укуксуз.
19-берене. МЖӨ долбоорунун мониторинги жана ишке ашырылышын баалоо
1. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылуучу МЖӨ долбоорунун мониторингин жана баалоону өзүнө камтыйт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган да МЖӨ долбоорунун мониторингин жана ишке ашырылышын баалоону жүзөгө ашырат.
2. Жеке өнөк же долбоорлоо компаниясы ар жыл сайын, учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен мамлекеттик өнөккө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө отчётту жана мурунку жыл үчүн каржылык отчётту берип турууга милдеттүү. Эгерде МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчёт долбоордун компаниясы тарабынан берилсе, ал жеке өнөк тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш. Ар жылдык каржылык отчёт көз каранды эмес аудитор тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш.
3. Мониторингдин жана баалоонун тартиби ушул Мыйзам, МЖӨ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.
20-берене. МЖӨ долбоорун жеке өнөк тарабынан демилгелөө
1. Жеке өнөктөр МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөккө кайрылууга укуктуу. Сунушка тандалып алынган долбоорго карата МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары, сарптоолордун жана салымдардын болжолдуу суммасы жөнүндө маалымат тиркелүүгө тийиш. Аталган документтерге кошумча жеке өнөк демилгеленүүчү МЖӨ долбооруна тиешелүү башка документтерди берүүгө укуктуу.
Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушу тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органды кабарлайт.
2. Эгерде мамлекеттик өнөк ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бул мезгилдин ичинде кошумча маалыматты суратпаса, ал мындай сунушту 30 календардык күндүн ичинде кабыл алууга же болбосо четке кагууга милдеттүү.
3. Мамлекеттик өнөк кошумча маалыматты бир жолу суратууга укуктуу. Мындай суратуу себептерин түшүндүрүү менен коштолууга тийиш. Жеке өнөк суратылган маалыматты суратуу алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик өнөк тарабынан кошумча маалыматтар суратылган учурда, кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечимди кабыл алуу мөөнөтү жеке өнөктөн кошумча маалымат алынгандан кийин 30 календардык күндү түзөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жеке өнөктөн кошумча маалымат берилбеген учурда сунушту кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кошумча маалыматты берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
4. Сунуш четке кагылган учурда мамлекеттик өнөк себептерин негиздөө менен бул тууралуу жеке өнөккө кабарлоого, ошондой эле жеке өнөк тарткан чыгашалардын ордун толтурбастан, ал мурда берген документтердин бардык түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн жеке өнөккө бир убакта кайтарып берүүгө тийиш.
5. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушуна макул болгон учурда, МЖӨ долбоору ушул Мыйзамда каралган тартипте андан ары жылдырылууга жатат.
6. Эгерде жеке өнөктөрдүн бири да тендерди утпаган же тендер өткөрүлбөгөн болуп таанылган учурда, жеке өнөк тарткан чыгашалардын баары орду толтурулууга жатпайт.
7. Эгерде мамлекеттик өнөк менен жеке өнөк башка тууралуу макулдашпаса, тендердик документтерди даярдоо үчүн талап кылынгандардан тышкары, МЖӨ долбоорун демилгелеген жеке өнөк мамлекеттик өнөккө берген бардык документтер жана маалыматтар купуя болуп саналат жана МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушун баалоо максатында гана пайдаланылууга тийиш.";
8) 22-берененин он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Макулдашуунун башка жоболору
МЖӨ долбоору боюнча каржылоону алуу үчүн мамлекеттик өнөк каржылык мекемелер менен түз макулдашуу түзүү укугуна ээ.
Ушул Мыйзамдын 22-беренесинде айтылган милдеттүү жоболорго карата толуктоо, МЖӨ жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболорду камтышы мүмкүн.";
10) 24-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 27-берененин бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 29-берененин 3-бөлүгүндө "кабарлоо менен жүргүзүлөт" деген сөздөр "кабарлоосуз жүргүзүлбөйт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 30-берененин 3-бөлүгүндө "мүмкүн" деген сөз "мүмкүн эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 32-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 34-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын сотторунда" деген сөздөр "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 95 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ