Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 139 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 25-июну № 89
"Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Судьялар кеңешине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына кирген судьялар кире алышпайт.";
2) 9-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү - жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлайт жана анын иши жөнүндө жобону бекитет;
- судьялардын тартиптик жоопкерчилигин оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлардын тизмегин белгилейт;
- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жарандык коомдон мүчөлөрүн шайлоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин аныктайт;
- судьяны сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуунун негизин жана тартибин аныктайт.";
3) 101-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына шайлоо үчүн тиешелүү соттун судьясынын жана отставкадагы судьянын талапкерлигин сунуш кылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |