Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 28-июну № 91
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы "микрокаржылык иш" деген сөздөрдөн кийин ", кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын:
"26-1) кредиттик бюронун иши;".
2-берене.
"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 410-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 121-статья менен толукталсын:
"121-статья. Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу
1. Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу ушул Мыйзамга ылайык банктык сырды ачыкка чыгаруу болуп эсептелбейт. Кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн берилүүчү жана таратылуучу, кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталуучу кредиттик маалымат банктык сырды түзгөн маалыматтар деп түшүнүлөт. Мында кредиттик маалыматты алмашуу максаттары үчүн кардардын (корреспонденттин) эсептери (аманаттары) боюнча операциялар тууралуу маалыматтар күрөө предмети катары чыккан акча каражаттары жөнүндө маалыматтарды, кепилдик же кепилчилик түрүндө берилген камсыздоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү жана таратуу менен чектелет.
2. Банктар өз кардарларынын - кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен банктык сырды түзгөн маалыматтарды кредиттик бюрого берет.
Кредиттик бюролор кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен банктык сырды түзгөн маалыматтарды кредиттик маалыматтарды пайдалануучуларга берет.
3. Банктардын, кредиттик бюролордун жана кредиттик маалыматтарды пайдалануучулардын ортосундагы банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө тартипке жана мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 28-июну № 91
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы "микрокаржылык иш" деген сөздөрдөн кийин ", кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын:
"26-1) кредиттик бюронун иши;".
2-берене.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)