Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 30-июну № 94
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 31-статья менен толукталсын:
"31-статья. Жөнгө салуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам кургак учук менен ооруганда жарандардын укуктарын, милдеттерин жана социалдык кепилдиктерин регламенттейт, Кыргыз Республикасында калкты кургак учуктан сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана укуктук жөнгө салуунун тартибин аныктайт.";
3) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында:
- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкы мекемелерди аныктайт;
- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт;
- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам уюштуруу боюнча узак мөөнөттүү комплекстүү программаларды бекитет жана алардын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштуруу тартибин аныктайт;
- кургак учуктун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана кургак учуктун жайылышынын алдын алуу жаатындагы эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
- кургак учуктун жайылышынын алдын алуу жаатындагы статистикалык байкоо жүргүзүүнү уюштурат;
- кургак учуктун жайылышынын алдын алуу жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды жана стандарттарды иштеп чыгат жана бекитет;
- кургак учукка каршы жардам көрсөтүү тутумун уюштурат;
- кургак учукту диагностикалоо, дарылоо жана профилактикалоо жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды иштеп чыгат жана бекитет;
- кургак учукка каршы жардам көрсөтүүгө көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө карата аларга кургак учук жуккан-жукпаганына дайыма көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырууну камсыз кылат.";
4) 9-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Активдүү кургак учуктун бардык жаңы табылган учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, милдеттүү түрдө мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга жатат.";
5) 11-статьясынын 6-бөлүгүндө "ден соолук чыңдоочу" деген сөздөр "профилактикалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 12-статьясынын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7) 13-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө көрсөтүлгөн жаныбарларга кургак учук жуккан-жукпаганына дайыма көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
б) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Адамдарга кургак учуктун жугушунун алдын алуу, ошондой эле адамдардын жана айыл чарба жаныбарларынын кургак учук менен ооруп калган учурлары жөнүндө маалымдоону камсыз кылуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
8) 15-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бейтап баракчасын көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча узартуу же эмгекке туруктуу жарамсыздыгын белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
9) "18 жана 19-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
18-статья. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги
Менчигинин түрүнө жана баш ийүүсүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.
19-статья. Кургак учукка каршы мекемелердин кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Менчигинин түрүнө жана баш ийүүсүнө карабастан, кургак учукка каршы мекемелердин кызматкерлери ооруга өз убагында диагноз койбогону жана кургак учук менен ооругандарды дарылоону уюштурууда укук бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигин тартат.";
10) 20-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 23-статьясынын 2-бөлүгүндө "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар," деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |