Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 8-июлу № 104
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 42-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Эгерде аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл бүткөнгө чейин камсыздандырылган адамга ушул пунктта көрсөтүлгөн себептердин кесепетинен майыптуулук белгиленсе, андан кийин камсыздандырылган адам курман болсо (өлсө), ошол эле мезгилде камсыздандыруу суммасынын, өлчөмү ушул Мыйзамда каралган курман болгондугу (өлгөндүгү) боюнча тиешелүү болгон маяналардын саны менен жана майыптуулук боюнча тиешелүү болгон маяналардын санынын ортосундагы айрыманы түзгөн суммага көбөйөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |