Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 8-июлу № 105
2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2015-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2015-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |