КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 9-июлу № 111
2015-жылдын 10-июлунда Уфа шаарында кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 10-июлунда Уфа шаарында кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |