Редакцияот 15.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 15-июлу № 113

2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа инвестициялык банкына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев