Редакцияот 15.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 15-июлу № 115

2015-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2015-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев