КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 15-июлу № 116
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Бул кепилдик Өкмөттүн мүчөсү белгиленген тартипте кабыл алынган Өкмөттүн чечимдерин аткарбаган учурларга карата колдонулбайт.";
2) 24-беренеде:
а) 2-бөлүгү "кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда" деген сөздөрдөн мурда "Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча Президент тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөттүн мүчөсү" деген сөздөр "Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерден тышкары, Өкмөттүн мүчөсү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |