Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 18-июлу № 120
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) он экинчи абзацында "белгилүү болгон, бир түрдүү" деген сөздөр "айырмалуу, бир кылка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) жыйырма төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Үрөнчүлүк чарба - менчигинин түрүнө карабастан бир же бир нече айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк же көчөт материалдарын өстүрүүчү жана (же) сатуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген үрөнчүлүк чарбалар жөнүндө жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага коюлуучу талаптарга (критерийлерге) жооп берүүчү чарба жүргүзүүчү субъект.";
в) 3-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) үрөнчүлүк чарба;";
2) 4-статьяда:
а) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 6-пункт "сортту" деген сөздөн кийин "жана гибридди" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы "сорттордун" деген сөздөн кийин "жана гибриддердин" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 7-статьянын 2-пунктунда "үрөндүк ишканалар" деген сөздөр "үрөнчүлүк чарбалар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 11-статьянын 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |