Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 21-июлу № 129
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 92-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчет болуп саналат, анын максаты - субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалымат берүү.";
б) 2-бөлүгүндө:
4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жак;
5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктүк объекти бар жеке жак.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүнө ылайык ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун максаттары үчүн салык салуунун объекти болуп саналган мүлк мүлктүн объекти деп түшүнүлөт.";
2) 161-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар, киреше алган жеке жак-резидент;";
3) 162-берененин 1-пунктунда:
а) "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке адам-резидент үчүн;";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:
"а-1) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке адам-резидент үчүн;";
4) 184-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "туруктуу мекемеге байланышпаган" деген сөздөр "ушул уюмдун туруктуу мекемесине байланышпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 185-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу өз ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. 2016-жылдан тартып башталган мезгилге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча талаптары муниципалдык кызматчыларга жайылтылат.";
4-бөлүгүндө:
"2015" деген цифралар "2019" деген цифраларга алмаштырылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"2019-жылдан тартып башталган мезгилге бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер 2019-жылга чейин бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.".
3-берене.
Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |