Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-июлу № 131
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы ички жер которуу жагындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, ички жер которуу процессинин жана ички аргасыз жер которуучу адамдар жана үй-бүлөлөр үчүн жаңы жашоочу жеринде жана турган жеринде зарыл шарттарды түзүүнүн укуктук, уюштуруучулук негиздерин аныктайт.";
3) 8-статьянын биринчи абзацында "чек коюлушу мүмкүн" деген сөздөр "чек коюлат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 13-статьяда:
а) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 6-пунктта "жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 14-статьянын 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 15-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 16-статьяда:
а) 1-пунктта:
- биринчи абзацта "каттап эсепке алуу органына" деген сөздөр алып салынсын;
- 1 жана 2-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) паспорт;
2) жарандын жаңы турак жайга кирүүсү үчүн негиз болгон документ (ордер, келишим, жаранга турак жай берген жактын арызы же башка укук белгилөөчү документ);";
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жаранды жашаган жери боюнча каттоо ал документтерин берген күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.";
в) 5-пунктта:
- биринчи абзацта "каттап эсепке алуу органы тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктчада "каттап эсепке алуу органынын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Жаранды турган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу
1. Жаранды турган жери боюнча каттоо жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.
Өзүнүн жашаган жери болуп саналбаган турак жайга 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө тура турган (убактылуу жашай турган) жерине келген жаран келген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде белгиленген формадагы арызы менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга милдеттүү. Бул учурда жарандын паспорту көрсөтүлөт.
2. Менчик укугунда өзүнө таандык болгон турак жайды жаранга жашоо үчүн берген жеке же юридикалык жак (үй ээси) турган жери боюнча катталууда жаранга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.";
9) 21-статья "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөрдөн мурда "калкты мамлекеттик реестрге киргизүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Калктын реестрин түзүү жана анын жүргүзүлүшүн контролдоо
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын реестрин түзөт. Калктын реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Калктын реестринин жүргүзүлүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынын Борбордук банкынын иштеши үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.";
11) 24-31-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 33-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча" деген сөздөр жана "токтоосуз түрдө" деген сөздөр алып салынсын;
13) 37-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "коргоо, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сунушу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
14) 38-статьяда:
а) 1-пунктта:
- биринчи сүйлөмдө "Кыргыз Республикасынын жер которуу кызмат органына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмдө "жер которуу органы" деген сөздөр алып салынсын, "мөөнөттөрүн узартышы мүмкүн" деген сөздөр "мөөнөттөрү узартылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункттун биринчи сүйлөмүндө "жер которуу кызматы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 43-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги 3-пунктта "врачтык-эмгектик эксперттик комиссиялар (ВЭЭК)" деген сөздөр "медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пунктта:
- мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Көрсөтүлгөн медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) чечимдери канааттандырбаган жарандар ишти кайталап кароо өтүнүчү менен Республикалык медициналык-социалдык эксперттик комиссияга экологиялык же табигый кырсыктан улам ооруп калгандыгына жана майыптыгына байланыштуу себептерди белгилөө үчүн кайрылууга укуктуу.";
- расмий тилдеги тексти "Республиканскую врачебно-трудовую экспертную комиссию" деген сөздөр "Республиканскую медико-социальную эксперттую комиссию" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 45-статьянын 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөрдөн мурда "ички жер которуу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
17) 48-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |