Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 23-июлу № 132
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 7, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдар
Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинен, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинен, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
2) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар
1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдары (мындан ары - жарандык абалдын актыларын жазуу органдары) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына төмөнкүлөр кирет:
- жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү);
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери.
3. Алардын аймактарында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдары болбогон ошол администрациялык-аймактык бирдиктердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) туулгандыгын, никеге турууну, ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөр менен аталыкты, өлүмдү белгилөөнү мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл материалдык жана финансылык каражаттарды өткөрүп берүү менен берилет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.";
3) 5-статьянын экинчи абзацында "асырап алууну," деген сөздөр алып салынсын;
4) 7-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандык абалдын актысынын жазуусун түзүү үчүн жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтер жана арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастоочу документ көрсөтүлүүгө тийиш, атап айтканда:
туулгандыгын, аталыкты белгилөөнү, никеге турууну, никени бузууну, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү, асырап алууну, актылык жазууну калыбына келтирүүнү жана өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодо:
- паспорту (ID-карты);
- консулдук эсепке алуу жөнүндө белги коюлган жалпы жарандык паспорту (туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү болгондо);
- офицердин инсандыгынын күбөлүгү;
- жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
экинчи жолу берилүүчү күбөлүктү алууда:
- паспорту (ID-карты);
- консулдук эсепке алуу жөнүндө белги коюлган жалпы жарандык паспорту;
- офицердин инсандыгынын күбөлүгү;
- жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- эркинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкаты.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн берилген, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактысын күбөлөндүргөн/ырастаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын документтери легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулууга тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди которууну жүзөгө ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.";
б) 3-пунктта "жана жарандык абалдын актысын жазуу органынын жазган кызматкери" деген сөздөр алып салынсын;
5) 9-статьяда:
а) 1-пункт:
- биринчи абзацында "биринчи" деген сөз "биринчи же экинчи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пунктта:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде жарандык абалдын актысын жазуу ага карата мурда түзүлгөн адам өлгөн учурда, өлгөн адамдын тууганына же башка кызыкдар адамга;";
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ишенимдүү адамдын жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайталап күбөлүктү алууга ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү экинчи жолу берүүдө жеринин аталышы алгачкы актылык жазууга ылайык көрсөтүлөт.";
6) 10-статьяда "мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамда" деген сөздөр "мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 13-статьяда "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 14-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги текстте "4" деген цифра "2" деген цифрага алмаштырылсын;
б) 1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, чет мамлекетте туулган балдардын туулгандыгынын фактысын ырастоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башка).";
в) 2-пункт "соттун" деген сөздөн кийин "мыйзамдуу күчүнө кирген" деген сөздөр менен толукталсын;
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлөрдүн жарандары же жарандыгы жок адамдар болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында туулган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.";
9) 15-статьянын 2-пунктунда:
а) биринчи абзацында ", айылдык конуштун" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 16-статьянын 1-пунктунда "баланын туулган күнүнөн тартып бир айдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
11) 21-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бир жашка чыккан жана андан өткөн курактагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төрөт болгон медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкаты же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөлгөндө саламаттык сактоонун тиешелүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген дарыгер же башка медициналык кызматкер тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкаты болгондо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же ата-энесинин биринин жакын тууганынын, же башка ишенимдүү адамдын, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле эрезеге жеткен баланын өзүнүн арызы боюнча жарандык абалдын актыларын жазуучу орган тарабынан жүргүзүлөт.
Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.";
б) 2-пунктта "соттун чечиминин" деген сөздөр "соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылган жеке идентификациялык номурун;";
13) 26-статьянын 2-пунктунда "өзүнчө арыз менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон адамдын арызындагы" деген сөздөр "никеге туруу жөнүндө өзүнчө арыздар менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Адамдын мындай арызындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 27-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жарандар менен никеге туруусун мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтерди берүүдө жүргүзүлөт:
- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ал жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен апостиль болгондо, чет өлкөлүк жарандын никесинин жоктугу жөнүндө маалымкаты;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен чет өлкөлүк жарандын паспорту;";
15) 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Никенин бузулушун мамлекеттик каттаган жер
Никени бузулушун мамлекеттик каттоо жубайлардын (жубайлардын биринин) жашаган жери боюнча же болбосо никеге турууну мамлекеттик каттоого алган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.";
16) 35-статьянын 3-пунктунда:
а) биринчи сүйлөм "жубайлардын биринин" деген сөздөрдөн мурда "никенин бузулушун каалаган" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи сүйлөмдө "Жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон" деген сөздөр алып салынсын;
17) 36-статьянын 2-пунктунун он экинчи абзацында "соттун чечими" деген сөздөр "соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 37-статьяда:
а) 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта никенин бузулушу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) жубайдын инсандыгын ырастаган документтер берилүүгө тийиш.";
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Никенин бузулушуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никени бузуу жөнүндө актылык жазуу түзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды көрсөтүүгө жана никенин бузулушу жөнүндө күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (эскертилүүгө) тийиш.";
19) 41-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Асырап алынуучу баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо же туулгандыгы тууралуу жоголуп кеткен акт жазуусун калыбына келтирүү асырап алуу жөнүндө соттун чечими чыгарылганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.";
20) 43-статьянын 1-пунктунда:
а) экинчи абзацында "соттун чечими" деген сөздөр "соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Асырап алуучулар (асырап алуучу) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча бала асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүгө башка жактарга ыйгарым укук берүүгө укуктуу. Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.";
21) 46-статьянын 2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Асырап алуучулардын (асырап алуучунун) каалоосу боюнча соттун чечиминин негизинде баланы асырап алгандыгын, баланын туулган датасын жана (же) туулган жерин белгилөө жөнүндө өзгөртүү киргизилген учурда, соттун чечиминде көрсөтүлгөн баланын туулган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан баланын туулгандыгы тууралуу актынын жаңы жазуусу түзүлүшү мүмкүн.";
22) 48-статьяда "соттун чечиминин" деген сөздөр "соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 50-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Баланын ата-энеси тарабынан аталыгын аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, эрк-ниетин билдирүү атасынын же энесинин өзүнчө арыздары менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Мындай арызда коюлган колдун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына энесинин арызы менен бир убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасы менен энесинин пикири билдирилүүгө тийиш. Аталыкты белгилөөнү каттоодо ата-энесинин биринин катышуусу милдеттүү.";
24) 53-статьянын 2-пунктунун тогузунчу абзацында "соттун чечими" деген сөздөр "соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 56-статьяда:
а) 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануунун фактысын аныктоо тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же баланын камкорчусунан (көзөмөлчүсүнөн) арыз берүүдө - камкорчулук (көзөмөлчүлүк) жөнүндө чечим жана алардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер берилет.
Ага карата аталык аныкталып жаткан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануу фактысын белгилөө тууралуу соттун чечими чыгарылганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.";
б) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.";
26) 58-статьянын 2-пунктунда "алардын өтүнүчү боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
27) 60-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Он алты жашка чыга элек жактын атын өзгөртүү ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине ылайык жүргүзүлөт. Ата-эненин дайынсыз жок болгондугун таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, анын аракетке жөндөмсүз экендигин таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилген учурда ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес.";
28) 61-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- арыздануучунун инсандыгын ырастоочу документ;";
29) 62-статьяда:
а) 2-пункттун биринчи абзацында "бир айлык мөөнөттө" деген сөздөр "он жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-пунктунда "жети күндүк" деген сөздөр "тартып төрт күндүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 65-статьяда:
а) 1-пункттун экинчи абзацында "киргизилбейт" деген сөз ", эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген мындай өзгөрүүлөрдү ырастаган документтер болгондо киргизилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу акт жазуусуна киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актыларын жазган органдар тарабынан атын которгондугун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.";
31) 66-статьянын экинчи абзацында "же жекече иштеген врач" деген сөздөр "саламаттык сактоонун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
32) 67-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Өлгөндүктү мөөнөтүн өткөрүү менен (бир жылдан ашык) мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык абалдын актыларын жазган органдар тарабынан жүргүзүлөт.";
33) 71-статьянын 2-пунктунда:
а) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;";
б) алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
34) 74-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "бир ай мөөнөт" деген сөздөр "он жумушчу күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) 76-статьянын 3-пунктунда "калыбына келтирилиши мүмкүн" деген сөздөр "калыбына келтирилүүгө тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Аны дайынсыз жоголгон деп табуу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин берүүдө ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес.";
3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 23-июлу № 132
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Аны дайынсыз жоголгон деп табуу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин берүүдө ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес.";
3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |