Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 1-августу № 159
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө
Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлап, гумандуулук жана боорукердик принциптерине таянып, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу:
1-берене.
Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөр бошотулсун:
1) 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпегендер;
2) 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар;
3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу адамдар;
4) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;
5) чоң коркунуч келтирбеген жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон, жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылдан ашпаган адамдар;
6) чоң коркунуч келтирбеген жана анчалык оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.
2-берене.
Эгерде ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган жерге жана аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу") 1-бөлүгүндө, 337-статьясында ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьясынын ("Аскерден качуу") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштар үчүн соттолгон адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулсун.
3-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна туш келбеген адамдардын жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө кыскартылсын:
1) жазаны өтөө мөөнөтүн жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго - жарымы;
2) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылды кошуп алганда ага чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - үчтөн бири;
3) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылды кошуп алганда ага чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - бештен бири;
4) тарбия абагында жазасын өтөп жаткан, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылды кошуп алганда ага чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жетпегендерге - жарымы.
Ушул Мыйзамга ылайык жаза мөөнөтү кыскартылган адамдарга ушул Мыйзам жарыялангандан кийин бир айдын ичинде жаза мөөнөтүн жаңыча эсептөө жана жазаны өтөөнүн аяктоо датасы тууралуу расмий маалымдалууга тийиш.
4-берене.
1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-статьясында, 117-статьясынын 3-бөлүгүндө, 123-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 124-статьясында, 125-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 1251-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 154-статьясынын 2-бөлүгүндө, 155-статьясынын 2-бөлүгүндө, 156-статьясынын 2-4-бөлүктөрүндө, 164-статьясынын 4-бөлүгүндө, 165-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 166-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 167-статьясынын 4-бөлүгүндө, 168-статьясынын 2-4-бөлүктөрүндө, 169-1-статьясынын 3-бөлүгүндө, 170-статьясынын 3-бөлүгүндө, 171-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 172-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 1721-статьясынын 4 жана 5-бөлүктөрүндө, 172-2-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 174-статьясынын 2-бөлүгүндө, 179-статьясынын 2-бөлүгүндө, 188-статьясынын 2-бөлүгүндө, 190-статьясынын 2-бөлүгүндө, 198-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 204-статьясынын 2-4-бөлүктөрүндө, 205-статьясында, 208-статьясынын 2-бөлүгүндө, 221-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 223-статьясынын 2-бөлүгүндө, 224-статьясынын 4-бөлүгүндө, 232-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 234-статьясынын 3-бөлүгүндө, 2361-статьясынын 3-бөлүгүндө, 238-статьясынын 2-бөлүгүндө, 239-статьясынын 3-бөлүгүндө, 240-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 241-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 242-статьясынын 3-бөлүгүндө, 245-статьясында, 246-статьясынын 4-бөлүгүндө, 247-статьясында, 248-статьясында, 249-статьясында, 250-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 251-статьясынын 2-бөлүгүндө, 254-статьясынын 3-бөлүгүндө, 258-статьясынын 3-бөлүгүндө, 259-1-статьясынын 3-бөлүгүндө, 260-статьясынын 2-4-бөлүктөрүндө, 261-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 2621-статьясында, 266-статьясынын 3-бөлүгүндө, 272-статьясынын 3-бөлүгүндө, 273-статьясынын 3-бөлүгүндө, 276-статьясынын 2-бөлүгүндө, 2791-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 280-статьясынын 3-бөлүгүндө, 281-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 282-статьясынын 3-бөлүгүндө, 283-статьясынын 3-бөлүгүндө, 286-статьясынын 3-бөлүгүндө, 287-статьясынын 3-бөлүгүндө, 2871-статьясынын 3-5-бөлүктөрүндө, 304-статьясынын 1-бөлүгүндө, 3051-статьясында, 3052-статьясында, 306-статьясында, 314-статьясында, 316-статьясынын 3-бөлүгүндө, 319-статьясында, 320-статьясынын 4-бөлүгүндө, 3211-статьясынын 3-бөлүгүндө, 322-статьясынын 2-бөлүгүндө, 324-статьясынын 3-бөлүгүндө, 325-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 326-статьясынын 3-бөлүгүндө, 328-статьясынын 2-бөлүгүндө, 332-статьясынын 4-бөлүгүндө, 340-статьясында, 341-статьясынын 2-бөлүгүндө, 345-статьясында, 350-статьясынын 6-бөлүгүндө, 356-статьясынын 2-бөлүгүндө, 357-статьясынын 2-бөлүгүндө, 358-статьясынын 3-бөлүгүндө, 360-статьясынын 2-бөлүгүндө, 362-статьясынын 2-бөлүгүндө, 367-статьясынын 2-бөлүгүндө, 370-статьясынын 3-бөлүгүндө, 371-статьясынын 3-бөлүгүндө, 372-статьясында, 373-376-статъяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга.
2. Ушул Мыйзамдын 1 жана 3-беренелеринин колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-статьясында, 129, 130, 131, 132 жана 133-статьяларында, 183-статьясында, 226-статьясында, 2261-статьясында, 2262-статьясында, 2263-статьясында, 2264-статьясында, 227-статьясында, 229-статьясында, 230, 231, 233-статьяларында, 292-295-статьяларында, 2951-статьясында, 296-статьясында, 298 жана 299-статьяларында, 2991-статьясында, 2992-статьясында, 2993-статьясында, 300-статьясында, 302-статьясында, 303-статьясында, 304-статьясынын 2-4-бөлүктөрүндө, 3041-статьясында, 305-статьясында, 307-статьясында, 308-статьясында, 3081-статьясында, 313-статьясында, 3131-статьясында, 3132-статьясында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга.
5-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:
1) коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу өнөкөттө кылмыш жасаган адамдарга;
2) жаза өтөө режимин кыянаттык менен бузган адамдарга;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ), кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыш жасаган адамдарга;
4) кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу бөлүгүндө мунапыс же ырайым кылуу берүү актылары мурда колдонулган жана кайрадан атайылап кылмыш жасаган адамдарга;
5) ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, кылмыш жасаган жана издөөдө жүргөн адамдарга;
6) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы ырайым кылуу тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасына алмаштырылган адамдарга;
7) чет мамлекеттердин жарандарына;
8) жашы жетпегендерге жана жаш балдарга карата жасалган кайсы болбосун кылмышты жасаган адамдарга.
6-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушуна ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган жана соттолгон адамдар туш келет.
Ушул Мыйзамдын колдонулушуна Кыргыз Республикасынын соттору соттогон адамдар, ошондой эле чет мамлекеттердин соттору соттогон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жаткан адамдар туш келет; аларга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе прокурордун санкциясы менен чечилет.
Кыргыз Республикасынын соттору соттогон, бирок жазасын анын чегинен сырткары өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орунбасарларынын санкциясы менен, эл аралык келишимдердин негизинде, аймагында соттун өкүмүн аткаруу жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча чечилет.
7-берене.
Айлана-чөйрөсүндөгүлөр үчүн кооптуулук жаратуучу оорулардан (кургак учук, карантиндик инфекциялар, венерикалык оорулар) жапа чеккен адамдарга, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган жана ушул Мыйзамга ылайык жазадан бошотулууга тийиш адамдарга карата мунапыс актысы зарыл дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат.
8-берене.
Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече түрдө кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө зарыл маалыматтар болбогондо ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.
Ушул Мыйзамды аткаруу жүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тийиштүү мекемелерден зарыл болгон материалдарды суратып алуу укугу берилет. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш.
9-берене.
Жаза мөөнөтү ырайым кылуу же мунапыс тартибинде мурда кыскартылган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда ырайым кылуу же мунапыс жөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө негизденүү керек.
10-берене.
Кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы болгондо, эгерде кылмыштардын бири ушул Мыйзамдын колдонулуусуна туура келбесе, мунапыс колдонулбайт.
11-берене.
Ушул Мыйзамдын 3-беренесин колдонууда ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата өтөлө элек жаза мөөнөтүнө негизденүү керек, ал эми ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин соттолгон адамдарга жазанын өтөлө элек мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө карата эсептелет.
12-берене.
Мунапыска туш келген адамдар мүлктү конфискациялоодон тышкаркы негизги жана кошумча жазалардан да бошотулат.
13-берене.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кылмыш жасаган учурда 18 жашка толо элек адамдар кирет;
2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн эркектерге жана аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнү тиешелүүлүгүнө жараша 60 жана 55 жаштан ашкан адамдар кирет;
3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамдарда белгиленген тартипте ушундай деп таанылган I жана II топтогу майыптар кирет;
4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ата-энелик укуктардан ажыратылбаган жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата 18 жашка толо элек балдары бар, анын ичинде асырап алынган же камкордукка алынган балдары бар же болбосо жаш курагына карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу балдары бар адамдар кирет.
14-берене.
Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
1) жаза аткарууну жүргүзүүчү органдарга жана мекемелерге - түзөтүү мекемелеринде турган соттолгондорго карата;
2) тергөө жана прокуратура органдарына - кылмыштары жөнүндө иштер ушул органдардын өндүрүшүндө турган адамдарга карата;
3) сотторго:
а) кылмыштары жөнүндө иштер соттордун өндүрүшүндө турган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин каралбаган адамдарга карата, ошондой эле кылмыштары жөнүндө иштер каралган, бирок өкүмдөр мыйзамдык күчүнө кире элек адамдарга карата;
б) өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясында белгиленген тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата;
4) жазык-аткаруу инспекцияларына - коомдон бөлүүгө байланышпаган жазаларга соттолгон адамдарга, ошондой эле жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекцияларында эсепте турган адамдарга карата.
15-берене.
1. Ушул Мыйзамды колдонуу ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) прокурор тарабынан санкцияланган токтомунун негизинде, ошондой эле соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Токтомго соттолгондун өздүк иши, сыйлыктары жана жазалары жөнүндө маалымкат, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет.
3. Соттор тарабынан ушул Мыйзамды колдонууда прокурордун катышуусу милдеттүү.
4. Жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому прокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же болбосо мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
5. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен, жазадан бошотуу жана жаза мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим кылмыштын натыйжасында келтирилген материалдык зыян толук төлөнгөндөн кийин кабыл алынат.
16-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй иштерге көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат:
1) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жете электерди алар жашаган жерине келгенден кийин өз убагында эсепке алууга, аларды жумушка орноштурууга же ата-энесинин, камкордук же камкорчулук органдарынын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болгон учурларда аларды жашаган жерине келгенден кийин эки апталык мөөнөттөн кечиктирбестен балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттарга жайгаштырууга; ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо боюнча иш-аракетин координациялоону жүзөгө ашырууга;
2) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган бардык адамдарды өз убагында эсепке алууну уюштурууга, алар жашаган жерине келгенден кийин эки апталык мөөнөттөн кечиктирбестен алардын эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусуна; жазадан бошотулган, бага турган туугандары жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана карыларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же карылар үчүн үйлөргө жайгаштырууга.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы башка органдар менен биргеликте, жазадан бошотулган, кургак учуктун оор формасы менен ооруган адамдарды белгиленген тартипте эсепке алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жөнөтүүнү уюштурсун.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке алууну жана өлкөдөн депортациялоону уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
Ушул Мыйзамда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу ишине чегилген мамлекеттик органдар тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде каржылоону жүргүзсүн.
17-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 3 айдын ичинде аткарылууга жатат.
Эгерде мунапыс актысы ушул Мыйзамдын колдонулушуна туш келген адамдарга карата, ушул Мыйзамдын аткарылышы үчүн жооптуу органдар тарабынан, ушул беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде колдонулбаса, мунапыс актысы кайсы болбосун башка убакта колдонулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |