Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 25-июлу № 136
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгүнүн жыйырма экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 12-беренеде:
а) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугу электр энергиясына болгон тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;";
б) он алтынчы абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) он жетинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |