Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 5-июнундагы N 82 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 26-июлу № 142
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-статьяда:
а) онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кесиптик оору - кызматкердин өз эмгектик (кызматтык) милдеттүүлүктөрүн аткаруусуна байланыштуу зыяндуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен улам келип чыккан өнөкөт же катуу оору;";
б) он бешинчи жана он алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"эмгек гигиенасы - кызматкерлердин ден соолугун сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси;
өндүрүштүк санитария - өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген зыяндуу таасирине бөгөт коюучу же аны азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын системасы;
атайын кийим - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон коргоого арналган жекече коргоо каражаты, кийим, баш кийим, мээлей, бөлөк предметтер";
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам жумуш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин ортосунда эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт жана эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоонун талаптарына туура келүүчү эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.";
4) 4-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "мыйзамдарын жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
5) 51-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;";
6) 6-статьяда:
а) үчүнчү абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзүнүн жумуш ордундагы эмгектин шарттарын жана корголушун текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө суроо-талап берүүгө;";
в) он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде ал эмгек шарттары оор жумуштарда жана эмгектин зыяндуу же кооптуу шарттарындагы жумуштарда иштесе, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, жамааттык келишимде (макулдашууда), эмгек келишиминде белгиленген жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга.";
7) 7-статьяда:
а) 3-бөлүктөгү "эмгекти коргоо чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө:
- биринчи сүйлөмдө "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "эмгек" деген сөз менен толукталсын;
- экинчи сүйлөмдө "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "эмгек" деген сөз менен толукталсын;
в) 5-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "эмгек" деген сөз менен толукталсын;
г) 6-бөлүктө "(контрактта)" жана "(контракты)" деген сөздөр алып салынсын;
д) 7-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "эмгек" деген сөз менен толукталсын;
8) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Жумуш берүүчүнүн эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары
Жумуш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмгек коопсуздугу жана гигиенасы боюнча эрежелерди же нормаларды иштеп чыгуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан маалыматтарды, анын ичинде өзүнүн уюмунда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жана териштирүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- өндүрүштүк кооптуулуктун мүмкүн болуучу булактары катары технологиялык жабдууларды орнотууда, чийкизаттарды жана материалдарды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрдү, териштирүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүшүнө;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, уюмда, ишканада эмгекти коргоого тиешелүү маселелерди карап жатканда эмгек шарттарына, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата даттанууларды кароого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдар өткөрүүчү кеңешмелерге катышууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
- эмгекти коргоону башкарууда, окутуп-үйрөтүүдө жана уюштурууда мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана көмөгүн алууга.";
9) 11-статьянын 2-бөлүгүндө:
а) бешинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "эмгек" деген сөз менен толукталсын;
б) он төртүнчү, он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтарда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 13-статьяда:
2-бөлүктө "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктө "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-бөлүктө "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 19-статьянын 2-бөлүгүндө:
а) алтынчы абзацта "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) онунчу абзацта "мыйзамга караштуу" деген сөздөр алып салынсын;
12) 20-статья "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
13) 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Эмгекти коргоонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бузууга, жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда, эмгек келишимдеринде каралган эмгекти коргоо боюнча милдеттенмелерин аткарбоого күнөөлүү болгон же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүнүн иш-аракетине тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын администрациялык жана жазыктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
14) 22-статьяда:
а) 1-бөлүктө "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жолдомокатынын, ошондой эле кесиптик бирлик органдарынын сунуштамасы боюнча токтото турулушу мүмкүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын жазма көрсөтмөсүнө ылайык токтотулуп турат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган кабыл алган чечимдер администрациялык (сотко чейинки) тартипте, андан кийин - сот тартибинде даттанылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |