КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 26-июлу № 143
2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |