Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 27-июлу № 149
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого;";
2) 21-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пунктта "талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери" деген сөздөр "декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацында "талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери" деген сөздөр "декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |