Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамына ылыйык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 30-июлу № 154
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча жетекчиликке алуучу түшүндүрмөлөрдү берет;";
5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Жогорку соттун пленумунун токтому Кыргыз Республикасынын соттору үчүн милдеттүү болуп саналат.
Сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын кароонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча алуучу түшүндүрмөлөрдү берүүнүн тартиби Жогорку соттун регламентинде аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |