Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 137 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 30-июлу № 155
"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 3-бөлүгүндө:
экинчи абзацында "фракцияларына" деген сөз "парламенттик көпчүлүккө же болбосо парламенттик оппозицияга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацында:
"Жогорку Кеңештин фракциялары" деген сөздөр "Жогорку Кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги "публикуют" деген сөз "публикует" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүнүн экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Киргизилген талапкерлер тиешелүү парламенттик көпчүлүк же болбосо парламенттик оппозиция тарабынан каралат жана парламенттик көпчүлүктүн же болбосо парламенттик оппозициянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.";
2) 6-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кылмыш жасоодо шектелген же айыпталган же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.";
б) 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "курагына жеткен," деген сөздөрдөн кийин "жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес стажы бар жана" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышууга укуксуз.";
в) 4-бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22) сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышуу фактысы белгиленгенде.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |