Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 2-августу № 160
Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Максаттары жана колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам кооптуу өндүрүштүк объекттерди коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуунун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктайт жана кооптуу өндүрүштүк объекттерде авариялардын алдын алууга жана кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин көрсөтүлгөн аварияларды чектөөгө жана кесепеттерин жоюуга даярдыктарын камсыз кылууга багытталган.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) авария - кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулган курулмалардын, коммуникациялардын, жабдуулардын, транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыйрашы, бузулушу, контролдонбогон жарылуу, өрт же кооптуу заттардын абага чыгышы;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестри (мындан ары - мамлекеттик реестр) - бирдиктүү методологиялык жана программалык-техникалык принциптерге негизделген жана Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан (мындан ары - уюмдар тарабынан) эксплуатациялануучу кооптуу өндүрүш объекттери жөнүндө маалыматтар камтылган бирдиктүү маалыматтык банк (маалыматтар базасын башкаруу тутуму жана өндүрүштүк объекттердин бирдиктүү маалымат базасы);
3) кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоо (мындан ары - идентификациялоо) - уюмдун курамындагы объектти табуу жана кооптуу өндүрүштүк объект категориясына киргизүү жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык анын тибин аныктоо;
4) инцидент - кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулган техникалык түзүлүштөрдүн иштебей калышы же бузулушу, технологиялык процесс режиминен четтеши, кооптуу өндүрүштүк объектте иш жүргүзүү эрежелерин белгилеген ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын жоболорунун бузулушу;
5) кооптуу өндүрүштүк объект - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө потенциалдуу коркунучу бар жана ал коркунуч авария учурунда ишке ашышы мүмкүн болгон өндүрүштүк объект (ишкана, цех, участок, аянтча, ошондой эле өтө кооптуулугу жогору башка объект);
6) кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу (мындан ары - өнөр жай коопсуздугу) - инсандын жана коомдун турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын кооптуу өндүрүштүк объекттердеги авариялардан жана көрсөтүлгөн авариялардын кесепеттеринен корголгон абалы;
7) кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулуучу техникалык түзүлмөлөр - кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоодо колдонулуучу машиналар, технологиялык жабдуу, машиналардын жана (же) жабдуулардын тутуму, агрегаттар, аппаратура, механизмдер;
8) кооптуу өндүрүштүк объектти техникалык кайра жабдуу - технологиялык процессти өзгөртүүгө алып келүүчү жаңы технологияны киргизүү, кооптуу өндүрүштүк объектти же анын айрым бөлүктөрүн автоматташтыруу, кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулуучу техникалык түзүлмөлөрдү модернизациялоо же алмаштыруу;
9) өнөр жай коопсуздугунун талаптары - ушул Мыйзамда жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда камтылган шарттар, тыюу салуулар, чектөөлөр жана башка милдеттүү талаптар;
10) өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы - ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын объекттеринин аларга карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун аныктоо.
11) адистештирилген уюм - өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын билимге ээ болгон, белгиленген тартипте аттестацияланган адистери бар уюм.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы укуктук жөнгө салуу
1. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзам жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар менен жүзөгө ашырылат.
2. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылар төмөнкүлөргө карата милдеттүү талаптарды белгилейт:
1) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ишке, анын ичинде кооптуу өндүрүштүк объекттердин кызматкерлерине, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперттерге;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттерде технологиялык процесстердин коопсуздугуна, анын ичинде кооптуу өндүрүштүк объектте авария же инцидент болгон учурдагы аракеттердин тартибине.
4-берене. Өнөр жай коопсуздугунун талаптары
Өнөр жай коопсуздугунун талаптары калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, өрт коопсуздугу, эмгекти жана курулушту коргоо жаатындагы ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
5-берене. Кооптуу өндүрүштүк объекттер
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттерге төмөнкү объекттер кирет, андан:
1) кооптуу заттардын төмөнкү түрлөрү алынат, пайдаланылат, иштетилет, жасалат, сакталат, ташылат, жок кылынат:
а) от алуучу заттар - нормалдуу басымда жана аба менен аралашканда от алуучу жана нормалдуу басымдагы кайноо температурасы Цельсия боюнча 20 же андан төмөн градусту түзгөн газдар;
б) кычкылдантуучу заттар - кычкылдантуучу-калыбына келтирүүчү экзометриялык реакциянын натыйжасында башка заттардын күйүшүн шарттаган жана (же) от алышына өбөлгө түзгөн заттар;
в) күйүүчү заттар - өзүнөн өзү тутанып кете турган, ошондой эле оттуктун булагынан тутануучу жана аны алып салгандан кийин өзүнчө күйө берүүчү суюктуктар, газдар;
г) жарылгыч заттар - белгилүү таасирлердин же ички процесстердин натыйжасында жылуулук бөлүп чыгаруу жана катуу ысык газдарды пайда кылуу менен жарылууга жөндөмдүү заттар же заттардын аралашмасы;
д) күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар - өтө уулуу жана белгилүү бир шарттарда (негизинен химиялык жактан кооптуу объекттердеги аварияларда) адамдардын жана жаныбарлардын массалык уулануусуна алып келүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгоого жөндөмдүү химиялык кошулмалар;
е) (КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
ж) (КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) 0,05 мегапаскалдан ашык басымда иштеген жабдуу пайдаланылат:
а) буу, газ (газ сымал, суюк газ абалында);
б) 110 градус Цельсиядан ашуун ысык температурадагы суу;
в) 0,05 мегапаскалдан ашык басымда кайноо температурасынан ашкан температурадагы башка суюктуктар;
3) өнөр жайлык багыттагы стационардуу орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулёрлор, лифттер пайдаланылат;
4) кара жана түстүү металлдардын эритмелери, ушул эритмелердин негизиндеги куймалар алынат, ташылат, пайдаланылат;
5) тоо-кен иштери (жардыруу иштерин колдонбостон ачык ыкма менен жүзөгө ашырылуучу жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алууну жана пайдалуу кендердин эшилмелери чыккан жерлерди кошпогондо), пайдалуу кенди байытуу боюнча иштер жүргүзүлөт;
6) өсүмдүк чийки заттарын сактоо же иштетүү жүзөгө ашырылат, ал процессте өзүнөн өзү тутанууга, күйгүзүү булагынан тутанууга жана аны алгандан кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүү жарылууга кооптуу чаң аба аралашмасы калыптанат, ошондой эле өзүнөн өзү ысыганга жана өзүнөн өзү тутанууга жөндөмдүү буудайды, аны иштетүү азыктарын жана аралаш тоют чийки заттарын сактоо жүзөгө ашырылат;
7) адамдын жашоо-тиричилиги жана айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу заттарды камтыган тоо-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын көмүү жүргүзүлөт.
2. Кооптуу өндүрүштүк объекттерге төмөнкүлөр кирбейт:
1) электр тармактык чарба объекттери;
2) турак жай имараттарын, ошондой эле өндүрүштүк эмес мүнөздөгү имараттарды жана курулмаларды газ менен жабдууга арналган жаратылыш газынын же суюлтулган көмүр суутек газынын төмөнкү жана орто басымдагы газ бөлүштүрүүчү тармактары жана газ керектөө тармактары.
3. Кооптуу өндүрүштүк объектти идентификациялоону бул объекттерди эксплуатациялоочу уюмдар жүзөгө ашырат.
4. Калктын жашоосунун жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу үчүн тобокелдик даражалары боюнча кооптуу өндүрүштүк объекттерди бөлүштүрүү критерийлери, ошондой эле аларды мамлекеттик реестрде каттоо жана идентификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Аткаруу бийлигинин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы органдары
Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү аныктайт;
1) өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын уруксат берүү иш-милдеттери берилген жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган);
2) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө иш-милдеттери берилген ыйгарым укуктуу контролдоочу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу контролдоочу орган).
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Өнөр жай коопсуздугунун негиздери
7-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы иштер
Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы иштин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) кооптуу өндүрүштүк объектти долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо, рекультивациялоо жана жоюу;
2) кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү жасоо, монтаждоо, жөндөө, тейлөө жана оңдоо;
3) өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү;
4) кооптуу өндүрүштүк объекттин кызматкерлерин билим берүүчү эмес мекемелерде даярдоо жана кайра даярдоо.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектти долбоорлоого карата талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объектти курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого, рекультивациялоо жана жоюуга долбоордук документтерде (мындан ары - долбоордук документтер) зарыл болгон негиздемелер жана эсептөөлөр менен өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу, авариялардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча талаптар жана иш-чаралар камтылышы керек. Бул талаптар объектти консервациялоо же жоюу процессинде, ошондой эле аларды аяктагандан кийин дагы сакталуусу тийиш.
2. Долбоордук документтерде курулуштун өзгөчө татаал геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын, сейсмикалуулугун, жер көчкү жана башка кубулуштарды эске алуу менен өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негиздүү жана жетиштүү чечимдер каралат.
3. Долбоордук документтер жана ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр ушул Мыйзамдын 13-беренесинде аныкталган тартипте экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектти курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого, рекультивациялоо жана жоюуга карата талаптар
1. долбоордук документтердин өнөр жайлык коопсуздугуна экспертизанын оң корутундусунун болгону кооптуу өндүрүштүк объектти куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу иштерин баштоо жөнүндө чечим кабыл алуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
2. Кооптуу өндүрүштүк объектти куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процессинде долбоордук документтерден четтөөгө жол берилбейт.
3. Кооптуу өндүрүштүк объектти куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу аяктагандан кийин кооптуу өндүрүштүк объект Кыргыз Республикасынын шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте эксплуатациялоого кабыл алынат. Кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоого кабыл алуунун жүрүшүндө аткарылган иштердин өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоордук чечимдерге ылайык келүүсү; авариялардын алдын алууну жана анын кесепеттерин чектөөнү камсыз кылуучу техникалык түзүлмөлөргө жана жабдууларга сыноолордун өткөрүлүшү; авариялардын кесепеттерин чектөө жана жоюу боюнча иштерге персоналдын жана авариялык-куткаруучу кызматтардын даярдыгы контролдонот.
4. Жөнгө салуу-иштетүү жумуштары үчүн монтаждоочу уюм тарабынан коопсуздуктун зарыл чараларын караган атайын технологиялык документтер иштелип чыгат.
5. Кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоого карата талаптар иштин түрлөрү боюнча ченемдик укуктук актыларда белгиленет.
6. Кооптуу өндүрүштүк объектти консервациялоо же жоюу боюнча иштер долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга карата талаптар
Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актыларында белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык лицензияланууга тийиш болгон өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ишти жүзөгө ашырууга лицензияга жана (же) уруксатка ээ болууга;
3) тийиштүү квалификациялык талаптарга ылайык келген, бул иште иштөөгө медициналык тыюу салуулары жок, өнөр жай коопсуздугу жаатында даярдалган жана аттестацияланган адамдарга кооптуу өндүрүштүк объектте иштөөгө уруксат берүүгө;
4) ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын жана анын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарына ылайык берген тескемелерин (көрсөтмөлөрүн, кабарламаларын) аткарууга;
5) кооптуу өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик реестрде каттоо үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө;
6) тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштеринин өнүктүрүү пландарын макулдашууга, кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу курулмаларды жана техникалык түзүлмөлөрдү, анын ичинде техникалык ресурсу иштетилип бүткөн техникалык түзүлмөлөрдү андан ары коопсуз эксплуатациялоонун мүмкүн болгон мөөнөтүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттө диагностикалоого, сыноого, күбөлөндүрүүгө;
7) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык, зарыл болгон приборлордун жана өндүрүштүк процесстерди контролдоо тутумдарынын болушун жана иштөөсүн камсыз кылууга;
8) кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоодо зыян келтирилгендиги үчүн тобокелдик жоопкерчилигин камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
9) кооптуу өндүрүштүк объектке бөлөк адамдардын киришине жол бербөөгө;
10) өндүрүштүк контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
11) авариянын кесепеттерин чектөө жана жоюу боюнча иш-чараларды пландоого жана жүзөгө ашырууга, авариялардын себептерин иликтөөдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
12) кесипкөй авариялык-куткаруучу кызматтар (түзүлмөлөр) менен тейлөөгө келишимдерди түзүүгө, ал эми жарандык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда - өздөрүнүн кесипкөй авариялык-куткаруучу түзүмдөрүн жана кызматкерлердин ичинен штаттан тышкары авариялык-куткаруу түзүмдөрүн түзүүгө;
13) кооптуу заттарды сактоого карата өнөр жай коопсуздугу талаптарын аткарууну камсыз кылууга;
14) авариялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн финансы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын резервине ээ болууга;
15) байкоо, кабарлоо, байланыш тутумдарын жана авария учурунда жеке коргонуу каражаттарын түзүүгө жана талаптагыдай абалда кармоого;
16) объекттеги авариялардын, жарылгыч материалдардын жана күчтүү таасир берүүчү уулуу заттардын жоголушунун жана өндүрүштөгү кырсыктардын себептерин техникалык иликтөөгө катышууга;
17) ыйгарым укуктуу органдарга өндүрүштөгү авариялар, инциденттер жана кырсыктар, алардын себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүүгө;
18) кооптуу өндүрүштүк объекттин финансылык-экономикалык ишинин планын иштеп чыгууда өнөр жай коопсуздугун камсыз кылууга сарптоолорду кароого;
19) кооптуу өндүрүштүк объекттин кызматкерлеринин штатын иштерди коопсуз аткаруу үчүн зарыл санда комплектелгендигин камсыз кылууга;
20) кооптуу өндүрүштүк объекттерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан белгиленген техникалык түзүлмөлөрдү колдонуу тартибин жана шарттарын сактоого.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышын өндүрүштүк контролдоону жана өнөр жай коопсуздугун башкарууну уюштурууга карата талаптар
Кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Авариялардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөөгө карата талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объектте авариянын пайда болушунун ар бир фактысы боюнча анын себептерине техникалык иликтөө жүргүзүлөт.
2. Авариялардын себептерин техникалык иликтөө ыйгарым укуктуу контролдоочу орган жетектеген атайын комиссия же болбосо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
3. Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү киргизилет:
1) аймагында кооптуу өндүрүштүк объект жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;
2) тармактык кесиптик бирликтин өкүлдөрү;
3) кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюмдун же болбосо жогору турган уюмдун (эгерде мындай болсо) өкүлдөрү.
4. Атайын комиссиянын курамына коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн.
5. Инциденттердин себептерин техникалык иликтөө кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюмдун комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
6. Кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюм авариянын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө боюнча комиссияга бардык зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
7. Авариянын себептерин техникалык иликтөөнүн, техникалык иликтөө боюнча комиссияларды түзүүнүн, аварияны жана инциденттерди иликтөө актысын жол-жоболоштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан белгиленет.
8. Авариянын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөөгө чыгашаларды финансылоо ошол авария болгон кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы
1. Кооптуу өндүрүштүк объектти куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо, рекультивациялоо жана жоюу долбоордук документтерине өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Өнөр жай коопсуздугуна экспертиза ыйгарым укуктуу орган жана адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Адистештирилген уюмдун белгиленген тартипте аттестацияланган өнөр жай коопсуздугу жаатындагы адистери болууга тийиш.
3. Адистештирилген уюм өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү тууралуу ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
4. Өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү жана корутундуну тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө
1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө ишкердик субъекттерин текшерүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Жыйынтыктоочу жана өтмө жоболор
15-берене. Өтмө жоболор
Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай коопсуздугунун талаптарын белгилөө чөйрөсүндө колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
16-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттерде ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Мыйзамда белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
2. Кооптуу өндүрүштүк объектти куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстерине ушул Мыйзамда белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун текшерүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
17-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби жөнүндө
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды колдонуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 10, 1126-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |