Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 5-августу № 165
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 242-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"242-берене. Сот адилеттигинин жогорку мектеби
1. Сот адилеттигинин жогорку мектеби Жогорку соттун алдында иштейт жана өз ишин Конституцияга, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, ушул Мыйзамга, ошондой эле сот тутумунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга, Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилген уставга ылайык жүзөгө ашырат.
Сот адилеттигинин жогорку мектебине жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө мыйзамдар жайылтылбайт.
2. Сот адилеттигинин жогорку мектеби судьялардын, соттордун аппараттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.
Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоо Судьялар кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
"Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
9-берененин 2-бөлүгүндө:
берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору" жана "Судьялардын окуу борбору" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби" жана "Сот адилеттигинин жогорку мектеби" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- судьялардын, соттордун аппараттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутууну уюштурууну жүзөгө ашырат;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулар курамынын эмгек акы төлөө ченемдерин бекитет;
- Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоону жүзөгө ашырат;".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 5-августу № 165
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамдын редакциясына ылыйык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамына ылыйык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 139 Мыйзамына ылыйык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |