Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 17-октябры № 168
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-пунктунда "төртүнчү-алтынчы" деген сөздөр "4-61" деген цифраларга алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 61-бөлүк менен толукталсын:
"61. Экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан администрациялык укук бузуулар үчүн салынган айыптардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет, алардын ичинен 25 пайызы экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик органды материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана кызматкерлерге дем берүү үчүн пайдаланылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |