Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 24-октябры № 171
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Визанын бирдиктүү мамлекеттик стандарты, формасы, сүрөттөлүшү болот. Бирдиктүү мамлекеттик стандарт, анын формасы жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
2) 5-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында миграция, калкты каттоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары тышкы миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында бирдиктүү визалык саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.";
3) 6-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
биринчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылгандан кийин" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү сүйлөм алып салынсын;
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү.";
г) 9-бөлүк "визанын" деген сөздөн кийин ", каттоонун" деген сөз менен толукталсын;
4) 8-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирип, аны менен келүүнүн башка мөөнөтү жана тартиби белгиленген эл аралык келишим болгон учурда, өз аралык принциптерди жана теңдештик негизди эске алуу менен бул эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.";
б) 2-бөлүктүн 4 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 9-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "тышкы саясый иш чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-3-пункттарында жана 9-статьясында көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталат. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча өз кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар аларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого милдеттүү.";
7) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Аларга карата визасыз режим колдонулган пайдаланган чет мамлекеттин жарандарын каттоо күчүн узартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
9) 13 жана 14-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Виза берүү
Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалар, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жана узартылуучу электрондук визаларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде, мындайлар жок болгон учурда - ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык ыйгарым укук берилген башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүндө берилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында визаларды узартуу тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү жети жумушчу күндөн ашык эмести түзөт.
Визалардын категорияларын жана түрлөрүн, ошондой эле аларды толтуруу жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
14-статья. Виза берүү үчүн негиздер
Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүүгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- Кыргыз Республикасына ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максаттары менен келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - кабыл алуучу уюмдардын сапардын ишкер мүнөзүн күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары үчүн - жекече кайрылуусу;
- Кыргыз Республикасына ишке орношуу үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте катталган иш берүүчүнүн өтүнүчү;
- жеке ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке ишкердин жеке арызы;
- Кыргыз Республикасына жеке иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу;
- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - зарыл болгон учурда бара турган өлкөнүн визасы бар анык документти тиркөө менен юридикалык жактын жеке арызы же өтүнүчү же келгенден кийин виза алган учурда, үчүнчү өлкөнүн расмий бийлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасына туристтик максаттарда келген жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке арыз же туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;
- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү;
- Кыргыз Республикасында жүргөн жана инвестициялык иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын экономикасына кеминде 10 (он) миллион сом суммасына эквиваленттүү болгон акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө алардын салым кошуусун ырастоочу, экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген ырастоочу документтер.";
10) 2-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 141-статья менен толукталсын:
"141-статья. Визанын күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн негиздер
Визанын күчүнүн мөөнөтүн узартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасына ишке орношуу жана жеке ишкердик жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүү укугуна уруксаты;
- үй-бүлөсүнө кайра кошулуу максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого көчүп келүү үчүн этностук кыргыздарга - арыз ээсинин жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн кароо жөнүндө документ;
- үй-бүлөсүнө келүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына келүү үчүн этностук кыргыздарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү жана/же туугандыгын ырастоочу документ;
- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - билим берүү уюму жана арыз ээсинин ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү.";
11) 15-статьянын 5-бөлүгүндөгү "калкты каттоо" деген сөздөр "миграция" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 16-статьяда:
а) 1-бөлүктө:
"жана жашап турууга уруксат" деген сөздөр алып салынсын жана "берилбейт" деген сөздөн кийин "жана узартылууга жатпайт" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункттагы "жашап турууга" деген сөздөр "иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого турууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-пункттагы "багууну Кыргыз Республикасынын жараны мойнуна алгандан башка учурларда" деген сөздөр алып салынсын;
9 жана 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган учурдан баштап бир жыл өткөрбөй кайрадан өтүнүп кайрылса;
10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен администрациялык же мажбурлоо жолу менен чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;";
12-пункттагы "террористтик" деген сөздөн кийин ", экстремисттик же сепаратисттик" деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксат берилбейт, эгерде арыз ээси:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коркунуч келтирсе;
2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо, жашап турууга уруксат же иштөөгө уруксат алуу жөнүндө өтүнүч берүүдө жалган маалыматтарды берсе;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген виза жана жашап турууга уруксат алуу тартибин сактабаса;
4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жүзөгө ашырса;
5) ага карата Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;
6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо - жазасын өтөгөнгө же жазадан бошотулганга чейин;
7) мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болгон узактыгы башка адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү же саламаттык сактоо мекемесинин өзгөчө көзөмөлүн талап кылуучу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеде айтылган оору менен ооруса;
8) өзүн жана багуусунда турган адамдарды камсыз кыла албаса;
9) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттан баш тартуу алган учурдан тартып бир жыл өткөнгө чейин экинчи ирет өтүнүчү менен кайрылса;
10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен администрациялык же мажбурлоо жолу менен Кыргыз Республикасынан чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;
11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;
12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо;
13) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
13) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Визаны же жашап туруу уруксатын жокко чыгаруу
Визанын жокко чыгарылышына төмөнкү учурлар негиз болот, эгерде чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам:
1) виза алуу жана аны колдонуу мөөнөтүн узартуу, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо же ишке уруксат алуу жөнүндө өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;
2) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишти жүргүзсө;
3) визаны колдонуу мөөнөтүн узартуу менен байланышкан Кыргыз Республикасындагы окуусун токтотсо, же болбосо билим берүү мекемелеринен окуудан чыгарылса;
4) визаны колдонуу мөөнөтүн узартууга негиз болгон эмгек келишиминин тараптарынын биринин демилгеси боюнча эмгек мамилелери токтотулса;
5) Кыргыз Республикасынын жараны менен никеси бузулса жана эгерде никеде балдары жок болсо же сот балдарды Кыргыз Республикасынын жараны болгон же анда туруктуу жашаган атасына же энесине калтырса;
6) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктоосу менен инвестициялык ишти токтотсо.
Жашап туруу уруксатын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкү жагдайлар эсептелет, эгерде чет элдик жаран же жарандыгы жок адам:
1) виза алуу жана аны колдонуу мөөнөтүн узартуу, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо, жашап туруу уруксаты же ишке уруксат алуу жөнүндө өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;
2) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзсө;
3) Кыргыз Республикасында туруктуу жашап туруу уруксатын алуу максатында Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет элдик жаран, же болбосо жарандыгы жок адам менен жалган никеде турса;
4) Кыргыз Республикасында жашап турууга себеп болгон Кыргыз Республикасындагы окуусун токтотсо, же болбосо билим берүү мекемелеринен окуудан чыгарылса;
5) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат алууга негиз болгон эмгек келишиминин тараптарынын биринин демилгеси боюнча эмгек мамилелери токтотулса;
6) Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасында беш жыл бою туруктуу жашап туруу уруксаты бар адам менен никеси бузулса жана эгерде никеде балдары жок болсо же сот балдарды Кыргыз Республикасынын жараны болгон же анда туруктуу жашаган ата-эненин бирине калтырса;
7) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктоосу менен инвестициялык ишти токтотсо.";
14) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө, Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык же мажбурлоо жолу менен чыгарып жиберүү
Визасынын же болбосо жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок же болбосо жашоого уруксаты жокко чыгарылган адамга тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштер органдары же улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө беришет. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмөдөгү мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү.
Миграция, калкты каттоо чөйрөсүндөгү, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында болуу тартиби бузулган фактылардын табылгандыгы жөнүндө ички иштер органдарына же улуттук коопсуздук органдарына билдирүүгө милдеттүү.
Көрсөтмө аткарылбаган учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарылат.
Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкүдөй учурларда администрациялык түрдө чыгарылып жиберилет:
1) эгерде алардын аракеттери мамлекеттик коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуу кызыкчылыктарына каршы келсе;
2) эгерде бул калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо зарыл болсо;
3) эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу бузса жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болбосо.
Администрациялык жол менен чыгарып жиберүүгө материалдар тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштер органдары же улуттук коопсуздук органдары тарабынан таризделет.
Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды администрациялык жазалоо чарасы катары Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык түрдө чыгарып жиберүү сот (судья) тарабынан белгиленет жана дайындалат.
Ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө берүү же администрациялык түрдө чыгарып жиберүү менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салышы мүмкүн жана ал жөнүндө мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө билдирилет.
Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарып жиберүү соттун чечими боюнча ички иштер органынын жана улуттук коопсуздук органынын күчтөрү тарабынан ишке ашырылат.
Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкү учурларда соттун чечимисиз Кыргыз Республикасынын чегинен мажбурлап чыгарылууга тийиш:
1) тиешелүү уруксат берүүчү документтерисиз эмгек кылганда же жеке ишкердик иш кылганда;
2) визасы, каттоосу же жашап туруу уруксаты жок бир жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болгондо;
3) визанын күчүнүн же жашап туруу уруксатынын мөөнөтү аяктаганына, жокко чыгарылганына же кыскартылганына карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен ыктыярдуу чыгып кетүүдөн баш тартканда.
Чет элдик жаранды жана жарандыгы жок адамды мажбурлоо жолу менен чыгаруу жөнүндө чечимди ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы кабыл алат.
Соттун чечими менен салынган, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү жасалган укук бузуунун жана коомдук коркунучтун деңгээлине жараша он жылдан тартып биротоло ажыратууга чейинкини түзүшү мүмкүн.
Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча, ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан салынган чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү жасалган укук бузуунун жана коомдук коркунучтуулугунун деңгээлине жараша бир жылдан он жылга чейинди түзүшү мүмкүн.
Өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө берүүнү же администрациялык жол менен чыгарып жиберүүнүн негизинде тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын жарактуу жүрүү документине Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салуу мөөнөтүн көрсөтүү менен атайын белги (штамп) коюлат.
Администрациялык жол менен чыгарып жиберүүдөгү финансы чыгымдары төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат:
1) чыгарылып жаткан жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын;
2) чакырган жана/же кабыл алган уюмдун же жеке жактын;
3) өзгөчө учурларда - бюджеттик каражаттардын эсебинен.";
15) 21-статьяда:
а) 1-бөлүктөгү "саясий иш чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "саясатты ишке ашыруу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктөгү "саясый иш чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "саясатты ишке ашыруу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 22-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам паспортун же аны алмаштыруучу документин жоготкондугу жөнүндө ички иштер органынын жакынкы бөлүмүнө жана өзү таандык болгон мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемесине дароо билдирүүгө жана бул факт жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастама алууга тийиш.";
17) 23-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 29-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик тартипте Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылып ташталат" деген сөздөр "ушул Мыйзамга ылайык чыгарылып ташталат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 30-статьянын 2-бөлүгүндөгү "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет" деген сөздөр алып салынсын;
20) 31-статьяда:
а) 1-бөлүктөгү "тышкы саясый иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына андан ары миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберүү үчүн өтүнүч беришет" деген сөздөр "миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына өтүнүч беришет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүк "куракка жеткен" деген сөздөрдөн кийин "чет өлкөлүк" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 5-бөлүктөгү "бир жылдан" деген сөздөр "тогуз айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 32-статьянын 5-бөлүгүндөгү "калкты каттоо жана" деген сөздөр алып салынсын;
22) 33-статьянын 6-пунктундагы "кошууга ниеттенген жана мүмкүнчүлүгү бар" деген сөздөр "кошкон" деген сөзгө алмаштырылсын;
23) 34-статьяда:
а) 2-пункт "виза," деген сөздөн кийин "иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 8-пункттагы "багууну Кыргыз Республикасынын жараны мойнуна алгандан башка учурларда" деген сөздөр алып салынсын;
в) 9-пункттагы "кирүүгө же" деген сөздөр алып салынсын;
г) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен администрациялык же мажбурлоо жолу менен чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;";
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы 12 жана 13-пункттар менен толукталсын:
"12) террордук, экстремисттик же сепараттык уюмдардын мүчөсү болуп эсептелсе;
13) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
24) 38-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
25) 43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө тартиби
Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жаранына анын жеке өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариалдык ырасталган өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугун чектеген жагдайлардын жоктугу жөнүндө көрсөтүлөт.
16 жашка жете элек балага жалпы жарандык паспорт үч жылдык мөөнөткө таризделет.
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы жарандык паспорт жашаган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашагандарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан берилет.
Кыргыз Республикасынын жаранына дипломатиялык же кызматтык паспортту тариздөө тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.";
26) 46-статьянын 2-бөлүгүндөгү "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган," деген сөздөр алып салынсын;
27) 47-статьянын 1-бөлүгүндөгү "саясый иш чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "саясатты ишке ашыруу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 48-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жараны жалпы жарандык паспортту берүүдөн жана даярдоодон баш тартуу, же болбосо анын убактылуу кармалышы же алынып коюлушу боюнча сотко даттана алат.";
29) 60-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60-статья. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жумушка кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды юридикалык жана жеке жактар жумушка орноштурган учурда, жумуш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.";
30) 63-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |