Загрузка документа…
КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 45 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 26-октябры № 172
"Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 924-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ар бир жеке жана юридикалык жактардын катышуу үлүшү гарантиялык фонддун уставдык капиталында чектелген эмес.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 12-беренеде:
а) 2-бөлүктө "30" деген цифра "50" деген цифрага алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "5" деген цифра "10" деген цифрага алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент Кыргызской Республики |
А.Ш. Атамбаев |