Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 17-ноябры № 179

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

14-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Нике курагы жөнүндө ушул Кодекстин талаптарын бузууда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".

 

2-берене.

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзү тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Ш. Атамбаев