Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 18-ноябры № 182
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы кырк биринчи жана кырк экинчи абзацтар менен толукталсын:
"маданият жана искусство жагындагы чыгармачылык иш-аракет - адамдын чындыкты таанууга жана аны кайра жаратууга жана жаңы, оригиналдуу, мурда эч качан болуп көрбөгөн маданий баалуулуктарды түзүүгө багытталган аң-сезимдүү, жигердүү ишмердүүлүгү;
маданият жана искусство жагындагы чыгармачылык долбоор - коомдук-саясий уникалдуулугу жана турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгү менен айырмалануучу маданият жана искусство чөйрөсүндөгү туундуну же тейлөөнү түзүүгө багытталган кандайдыр бир формага камтылган ой, идея, образ;";
2) 21-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) искусство жана маданият жагындагы чыгармачылык долбоорду же болбосо чыгармачылык иш-аракет үчүн сатып алууларды жүзөгө ашырууга;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |