Редакцияот 22.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 22-ноябры № 183

2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев