Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 24-ноябры № 188
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 55-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) ата-эне же аны алмаштырган адам, ага тете мыйзам менен аларга жаш балдарга көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн тарбиялоо, дарылоо, калкты социалдык коргоо жана башка ушундай мекемелер жаш балага карата кылмыш жасагандыгы.";
2) 102-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле жосун күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон жаш балага же болбосо адамга карата жасалганда, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) 104-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) алсыз абалда экендиги күнөөлүүгө белгилүү болгон адамга же жаш балага карата жасалганда, -";
4) 105-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жабырлануучуну мазактоо же кыйноо менен, ошого тете күнөөлүүгө алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамга же жаш балага карата;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |