КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 28-ноябры № 190
2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы "Билим берүү секторун реформалоого контракт" (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы "Билим берүү секторун реформалоого контракт" (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа Бирлигине Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Финансылык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |