Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 29-ноябры № 191
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 3-бөлүгүндө "Ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон Жогорку Кеңештин депутаты" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 36-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Жогорку Кеңештин депутатына эмгек өргүүсү сессия аяктагандыгы боюнча берилет.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жумуш стажы жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык болсо, акы төлөнүүчү өргүүсү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт. Окумуштуулук даражасы жана илимий наамы болсо, эмгек өргүүсү "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |